Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:38

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫН КИМ ТЫЯТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыкта» мурда кабарлангандай парламенттик шайлоону уюштуруу жана адилет өткөрүү боюнча өткөн айдын соңунда өкмөт башчы Николай Танаев баштаган штаб түзүлгөн. Өкмөт башчы жетектеген штаб өкүлдөрү 4-январда Талас, Ош областарына барып жабык эшик алдында жыйын өткөрүшүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө оппозициячыл саясатчыларды депутаттыкка өткөрбөө тууралуу тапшырма берген. Айрым саясатчылар аткаруу бийлигинин мындай аракетин шайлоого кийлигишүү катары баалашууда

Мамлекет башчы Аскар Акаев жаңы жылдын алдында кыргыз теле-радиосунда түз эфир аркылуу атуулдардын суроолоруна жооп берип жатып аткаруу бийлигинин 2005-жылдагы башкы максаттарынын бири; «Парламенттик президенттик шайлоону адилеттүү, эл аралык талаптарга ылайык өткөрүү» деген пикирин билдирген. Андан көп өтпөй эле шайлоону уюштуруу жана адилет өткөрүү демилгеси менен Акүйдө өкмөт башчы Николай Танаев башында штаб түзүлгөн. Өкмөт башчы жетектеген штаб мүчөлөрү 4-январда бир эле күнү Талас, Ош областарына барып жабык эшик алдында жыйын өткөрдү. Эркин массалык маалымат каражат өкүлдөрү жыйынга киргизилген жок. Атын атагысы келбеген бийлик өкүлдөрүнүн айтымында өкмөт башчы Николай Танаев жыйын учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн келээрки парламенттик шайлоодо оппозициячыл маанайдагы талапкерлерди өткөрбөө жана бийликти колдогон талапкерлердин шайлоодо жеңип чыгышы үчүн бардык админстративдик ресурстарды колдонуу тууралуу жашыруун тапшырма берген. Ошондой эле жыйында Талас областы боюнча штабдын жетекчиси кылып Кыргызстандын Шериктеш мамлекеттер кеңешиндеги вице-премьер министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетовду, Ош областы боюнча Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевди, ал эми Жалалабад обласындагы штабды биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жетектей тургандыгын көпчүлүккө тааныштырган. Аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракетин айрым саясатчылар кош стандарт саясаты катары баалашат:

-Аткаруу бийлигиндеги адамдар эч качан саясатка кийлишпес керек. Көнүп калбадыкпы кош стандартка. Айтылган сөз жасаган иш башка болуп жатпайбы. Бул бийликтин жүзүнүн дагы бир жолу ачык көрүнүшү. -дейт Ишенбай Кадырбеков. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Исмаил Исаков палатанын 4-декабрдагы отурумунда сөз сүйлөп, учурда аткаруу бийлик өкүлдөрү жер жерлерде оппозициячыл саясатчыларды өткөрбөө максатында ачык эле аракет жасап жаткандыгын айтып, бийликтин мындай аракетин токтотууга чакырды.
Өкмөт башчы Николай Танаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн жогорудагыдай аракети тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы шайлоолордо үгүт иштерин жүргүзүүгө көзөмөл салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын башчысы Туйгуналы Абдраимовго кайрылганыбызда, ал бизге төмөндөгүдөй жооп берди:

-Бул маселе боюнча кимдир бирөө арыз берсе, биз өкмөт башчыга расмий түрдө эскертүү жасайбыз. Мыйзамды барыбыз сыйлашыбыз керек.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Бектур Асанов:
Аткаруу бийлиги тарабынан оппозициячыл талапкерлерди парламентке өткөрбөө аракети ачык эле башталды. Бул мыйзамсыз. Анткени алардын аракетин шайлоого кийлигишүү катары кароого болот. Менин оюмча алардын максаты ишке ашпайт. Себеби учурда эл бийликке ишенбей калган. Акимдер, айыл өкмөт башчылары өкмөт башчысын эмес, элди угушат. Бийликтин айтканын аткарышпайт.-деди Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Бектур Асанов.
Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык 2-февралга чейин болочок шайлоо боюнча кандайдыр бир талапкерди колдоп үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Ал эми өкмөт башчы жетектеген бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракети тууралуу президенттик админстрация өкүлдөрүнөн жооп алуу аракетибизден жыйынтык чыккан жок. Белгилей кетүүчү нерсе, өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Давыдова кызмат абалы боюнча премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрүнүн жогорудагыдай аракети тууралуу кандайдыр бир маалымат бере албай тургандыгын эскертти.
XS
SM
MD
LG