Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстан мусулмандары Меккеге ажылыкка жөнөп кете баштады


БИШКЕК. 4-январдан тарта кыргызстандык мусулмандардын алгачкы тобу Меккеге ажылыкка сапарларын баштады. Бул күнү Меккеге Ош шаарынан автобус менен Кыргызстандын түштүк облустарындагы зыяратчы-мусулмандар жол тартышты. Алар Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Иордания жана Сирия өлкөлөрүн кезишип, 10 күндүн ичинде Меккеге жетишет. Бул тууралуу 5-январда Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы Ажы Жуманов «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматы боюнча быйыл Кыргызстандан Меккеге сыйынууга 4,5 миң мусулман барат. Алардын 25 пайызы учак менен, ал эми 75 пайызы автобус менен жол тартат. 6-январдан тарта зыяратчылар Бишкектен да автобус менен жөнөй башташат. 10-январдан баштап, Ош жана Бишкек шаарларынан кыргызстандык зыяратчылар учак менен Меккеге жол тартышат. Өткөн жылы Меккеге Кыргызстандан 3700гө жакын адам барган.

XS
SM
MD
LG