Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

КЕЛЕРКИ ПАРЛАМЕНТ: ГЕНДЕР ЖАНА КЕНДИР… КЕСКЕН ЖУКА ЧӨНТӨК…


Быйылкы парламенттик шайлоодо аялдардын жетиштүү упай топтошу күмөн. Учурдагы жагдайга байкоо жүргүзгөн талдоочулар ушинтип болжоодо. Божомолдорго караганда, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткандардын саны артып, каалоочулардын саны кыскарууда.

2000-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча болгону төрт аял жеңишке жетишкен. Булардан тышкары үч аял партиялык тизме аркылуу депутаттык мандатка ээ болгон. Партиялык тизменин алынып салынганын эске алган айрым байкоочулар келерки шайлоодо ашып кетсе төрт аял жеңишке жетиши ыктымал дешет.Ал да чоң суроону туудурат. Маселен, социалдык маселелер боюнча Кыргыз өкмөтүнүн адистеринин бири, аял-лидер Алтынай Сулайманованын пикиринде:

- Биздин божомол боюнча ашып кетсе төрт аял өтүшү мүмкүн болуп атат. Андан башка кыз-келиндердин өтүшү кыйын деп болжоп атышат. Бул менин эле оюм эмес, социологдордун ою.

Талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү башталган 21-декабрдан бери көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында аялдар сейрек учуроодо. Борборшайлоокомдун билдиргенине караганда, ушул күнгө чейин сунушталган 156 талапкерден төртөө гана аял болуп чыкты. Маселен, оппозициялык маанайдагы «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы көрсөткөн 34 талапкердин экөө аял болсо, алардын бири каражат тартыш деген негиздеме менен шайлоого катышуудан баш тартты. Партиянын лидери Досбол Нур уулунун пикиринде, жергиликтүү менталитетти эске алганда, бул кадыресе көрүнүш, анткени, Кыргызстандын шайлоочулары аял-саясатчыларга караганда, эркек саясатчыларга көбүрөөк ишенишет. Бул башкы себеп . Андан тышкары:

- Өздөрүнүн активдүүлүгү да начар болуп атпайбы. Анан көпчүлүгү азыркы бийликтен кылчактап, чочуу жактары да көп. Алда кандай болуп кетет, бийлик колдобосо, баруунун кандай кажети бар дегендей, эки анжы болгондуктан да ушундай болуп атат, - дейт Досбол Нур уулу.

Көпчүлүк демилгечи аялдардын шайлоого аз катышып, упай топтой албай жатышынын башкы себептеринин бири катары каржылык мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгүн айтып жүрүшөт:

- Тилекке каршы, шайлоодо интеллект, акыл, билим, кесипкөйлүк эмес, толтура капчык ойнойт жана иштейт. Аялдарда иш жүзүндө мындай мүмкүнчүлүк жок. Каржылык колдоосу болбогон соң, ал өтпөйт. Азыр буга чейин сыналган, эл сыйлаган, эл билген аял саясатчылардын өтүп кетерине да күмөнүм бар. Себеби, чөнтөк жука, - дейт шайлоого баруудан ушул себеп менен баш тарткан саясий ишмер, «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова.

Аял демилгечилердин көпчүлүгү аялдарды саясатка арбын аралаштыруу үчүн өткөөл мезгилде аларга артыкчылыктарды берүү зарыл дешет. Маселен, ошол эле «Менин өлкөм» партиясы аялдардын маселесин партиялык тизмени киргизүү, парламентте бир жыныстагы депутаттардын санын 70%тен ашырбоо өңдүү демилгелерди ишке ашыруу жолу менен чечкиси келет. Ал эми Жогорку Кеңеш болсо өткөн жылы аял депутаттар сунуштаган аялдарга квота берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдогон жок. Ушундай жагдайлардан улам аялдар арасында келерки парламентте аялдардын маселелерин коргоо жетишсиз болуп калабы деп чочулагандар көп болууда:

- Сөзсүз социалдык жактан, балдардын, аялдардын кызыкчылыгын колдой турган депутаттар аз болуп калат, - дейт Алтынай Сулайманова, - Эмне дегенде, аялдар саясатта, экономикада эне, аял катары теңчиликти, тынчтыкты колдошот да. Аялдардын эң жогорку максаты, саясаты ошол… Эми парламентте жалаң эле жигиттер отуруп калса эмне болот?

Анткен менен, парламенттик шайлоо округдарынын көпчүлүгүнөн бирден-экиден аял-талапкер чыгаары болжолдонуп жатат. Аялдарга жардам көрсөтүү борборунун төрайымы Роза Айтматованын пикиринде, жарышта карылуу эркек талапкерлерге чөнтөгү тайкы аялдар туруштук бере алабы-жокпу, бул аял лидерлердин тынчын кетирген маселелердин бири болууда.
Аялдардын укуктары боюнча иш алып барган жети уюм өткөн жылдын этегинде «Аялдар үчүн» деген демилге астында аялдарга колдоо көрсөтүү меморандумун кабыл алышкан. Бирок, алар бул жолку шайлоодо аракет кылуудан майнап чыкпайт деп, саясий окуядан окчундап турушат. Бул коомдук уюмдар келерки беш жылдыкта парламентке аялдарды сүрөө үчүн күжүрмөн иш алып барарын кабарлап жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG