Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

ВЛАДИМИР ПУТИН АНДРЕЙ ИЛЛАРИОНОВДУ КЫЗМАТТАН БОШОТТУ


Муса Мураталиев, Бишкек Дүйшөмбү күнү Владимир Путин өзүнүн указы менен Андрей Илларионовду «Чоң сегиз» иштери боюнча президенттин өкүлү милдетинен бошотту. ИНТЕРФАКС агенттиги билдиргенге караганда, ал кызматка эми Игорь Шуваловду дайындаган. Мурунку аптада «ЮКОС» маселесиндеги өкмөттүн ролун Илларионов кескин сынга алган. Президенттик админстрация маалымдаганга караганда, Илларионов дагы эле «президенттин экономика маселелери боюнча кеңешчи» боюнча кала берет.

Илларионов президентке кеңешчи болуп иштейт. Карапайым тил менен айтканда Кремлдик кызматкер. Ошого карабай ал өкмөттүн авторитардык ыгын-методун сынга алып келет. Басма сөз каражаттарын Кремлдин “үч буттап, тушап, аркандоосун”, ЮКОС компаниясынын активдерин тартып алышын, саясий бийликтин эки чылбыр бир тизгининин бир колго топтолушун, ошондой эле Орусиянын тышкы саясатын сынга алып жүрөт.

Кеткен аптада, маселен, ал жыл ичи «Юганскнефтегаз» компаниясынын күчкө салып сатылышы тууралуу журналисттер алдында мындай деген:

Буга дейре мындай ишти көз боечулар жасай тургандыгын биз көрчү элек азыр биз мындай ишти, ачыгын жашырбай айтканда, мамлекеттик бийлик жасап атканын көрүп турабыз, - деген эле.

Ошондон соң көбү “президент эми муну иштен алат” деп калышкан. Александр Шохин: “Андрей Илларионовду Путин анын админстрациясында ар кыл пикир бар экен деп айтышсын деп ага тийбейт” деген эле.

Дүйшөмбү күнү жарык көргөн указда президент Илларионов аткарып келаткан “Чоң сегиз” – өнүккөн мамлекеттер тобуна – Орусиянын катышуусунда ведомстволор аралык комиссиянын төрагалыгын экинчи кеңешчиси Игорь Шуваловго берген. Мамлекет башчынын мындай кадамын кубанып кабыл алгандар аз эмес болду. Белгилүү журналист Михаил Леонтьев мындай дейт:

Акыры анын берип келаткан аңкоо саясаттан баш тартууга кез келди. Мындайча айтканда, Андрей Илларионов калп айтып башты айлантканынын таптакыр тескерисинче жасаш керек, - дейт Леонтьев.

Анализчилер баамында, улуттук экономика натыйжалуулугу басаңдоонун үстүндө. Ошондуктан экономиканын өсүү темпи да басаңдоодо. Алардын жыйынтыгы келип карапайым адамдардын жашоо тиричилигине таасирин тийгизүүдө дешет.

Мындай көрүнүш өлкөдө экономикалык багыттын совт тушундагыдай абалга келатышынан, анын либералдык жолдон чыгышынан улам дешет. Мындай ойду, маселен, “Ачык Орусия” кору программасынын директору Ирина Ясина айтат:

Биздин экономикалык багыт небак эле өзгөргөн. Ачыгын айтканда, Андрей Илларионов айтып келаткан сындын баары (ошону токтотууга – ММ) арналган. Бизде саясат такыр либерлдык көз карашта эмес, - дейт ал.
XS
SM
MD
LG