Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

МОСКВА САЯСАТЫ: ШЕРИКТЕШТИК МЕЙКИНДИГИН АЛДЫРДЫБЫ?..


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдарда Москва Шериктештиктин ичиндеги кызматташтыкты күчөтүп, мурдагы байланыштарды калыбына келтирип, күчүнө кире баштаган. Анткен менен Грузия, андан соң Украиндагы окуялар Кремилдин жүргүзүп жаткан саясатынан орусиялык эксперттерди да күмөн саната баштады.

Орусиянын "Московский комсомолец" гезити жазгандай, акыркы айларда, өзгөчө Беслан барымтасынан кийин президент Владимир Путиндин саясаты көбүнчө акылга эмес, көңүлгө негизделип калды, ошондуктан Орусиянын тышкы саясатында улам чоң жоготуулар болууда. "Коммерсант" гезити болсо Украинада Москва өз таасирин уттурду деп ачык эле жазды.

Акыркы жылдарда орус жетекчилиги СССРдин ордунда пайда болгон Шериктештиктин ичинде улам жаңы бирикме түзүп, мурдагы советтик жумурияттарды өзүнө катуу байлай баштаган. Адам укуктары же демократия куруу багытында кетирген кемчиликтеринин айынан Батыш тараптан катуу сындалган жумурияттар өздөрү да Москва менен жакындашууга кубанган, анткени Орусия андай маселелерди көтөрчү эмес, себеби өзү да эл аралык уюмдар тарабынан сындалчу.

Москванын андай колдоосунан улам Шериктештикке кирген кээ бир жумурияттардын жетекчилери сын айткан андай эл аралык уюмдарга каяша жооп кайтарып, алар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүдө деп билдире баштаган. Москванын жетекчилиги алдында бер нече жумурият Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жетекчилигин, анын саясатын сындаган кат да жолдогон.

Мындай ымаланы Москва экономикалык жана аскерий чаралар менен дагы колдогон. 2003-жылы Кыргызстанда, 2004-жылы Тажикстанда орусиялык аскерий базалар ачылды. Кыргызстанга да, Тажикстанга да гидростанция курууга Москва убада кылды. 2004-жылдын июнунда Орусия менен Өзбекстан ортосунда бир млрд. долларлык келишим түзүлдү, ага ылайык эки өлкөнүн компаниялары Өзбекстандын газ байлыктарын биргелешип иштетет. Андан тышкары, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстанды бириктирген Евразиялык газ альянсын түзүү сунушу дагы Москвадан чыкты.

Андай экономикалык уюмдарга Жамааттык биргелешкен коопсуздук келишимине негизделген уюмду кошкондо, Москва чындап эле күчтүү бирикме куруп жаткандай көрүнгөн. Орусия, Беларус, Казакстан жана Украина ортосунда Биргелешкен экономикалык аймак түзүү боюнча келишимге да кол коюлган, ал жакын арада иштей башташ керек болчу.

Бирок, Украинадагы акыркы окуялардан улам, ал келишимдин келечеги эми бүдөмүк жана орусиялык эксперттер ал үчүн президент Владимир Путиндин өзүнө күнөө коюуда. Украинадагы президенттик шайлоо жараяны башталганда, эки негизги талапкердин бири дагы Москвага каршы эч нерсе билдирген эмес, бирок Путин ачыктан ачык мурда эки жолу соттолгон Виктор Януковичти колдоого алгандыктан, Украина эли арасына антимосквалык маанай өтө күчөдү. Президенттикке шайланган Виктор Ющенко деле Москва менен кызматташа турганын билдирүүдө, бирок шайлоо учурунда Кремль эски режимди ушунчалык катуу колдогонун унутуу кыйын.

Ющенконун жактоочусу, мурдагы вице-премьер Юлия Тимошенко президент Леонид Кучманын саясатын минтип сындаган: "Бийликке биз келгенде, Кучма азыр жасагандай, оппозиция куугунтукталбайт, алар өлкөдөн сыртка качууга аргасыз болбойт. Сын айткан журналисттердин башы кесилбейт, милиция алардын үйлөрүнө кирип барып, журналисттерди сабабайт. Биз бийликке таптакыр башка максат, башка маанай менен келип жатабыз".

2003-жылы Грузияда жана 2004-жылы Украинда болгон окуялардан соң Шериктештиктеги маанай өзгөрүүдө.Аны бийликтегилер гана эмес, карапайым калк дагы сезүүдө.
XS
SM
MD
LG