Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Жети жөөт жана бир палестин каза тапты


5-январда эртең менен Газа тилкесинде палестиндердин аткан ракетасынан жети жөөт жарадар болушту. Дагы эки ракета таңга жуук Түштүк Израилдин аймагына атылды. Анын кесепеттери тууралуу эч нерсе айталган жок.

Ушул эле 5-январда жөөт аскерлери Газа тилкеси менен Израилдин Эрец чегара бекетинде бир палестин аялды атып өлтүрүштү.

Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Палестин аймагында иш сапар менен жүрөт. Ал Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаат менен жолуккан учурда Түркия Израил аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Газа тилкесин калыбына келтирүүгө жардамдашат деп билдирди. Ал кечирээк Палестинанын премьер-министри Ахмед Курейи менен жолукмакчы. 4-январда ал Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом менен кезигип, Жакынкы Чыгыштагы жагдайды талкуулаган.

XS
SM
MD
LG