Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Талибандын калдыктары менен кагылышуу болду


4-январда кеч курун Ооганстандын түштүгүндө өкмөттүк аскерлер менен Талибандын жоочуларынын ортосунда кагылышуу болуп, андан бир жоокер каза тапты. Талибандын мүчөлөрүнөн беш козголоңчу, анын ичинде алардын башчысы да окко учту. Забул провинциясынын губернатору Хиал Мухаммеддин 5-январда билдиргенине караганда Талибандын кол салган калган өкүлдөрү америкалык аскерлердин жакындап калганын билип калып качып кетишкен. Ооганстандын Пакистан менен чектешкен аймактарында Талибандын калдыктары менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда дайыма кагылышуулар болуп турат. Дүйшөмбү күнү Кунар провинциясында америкалык бир аскер козголоңчулардын буктурмасында калып, каза болду. Дагы үч жоокер жаракат алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG