Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

КАРАБАКТЫН «КАРА ТАГЫ» .ЧАТАК КУЛПУСУ КИМДИН КОЛУНДА?


Амирбек Усманов, Прага Азербайжан менен Армения өз ара ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимге кол коюшканына 10 жылдан ашуун убакыт өтсө да, эки өлкөнүн тынчтык келишимине качан чекит койору белгисиз. Азербайжандан күнкорсуз республика деп жарыялап алган Тоолуу Карабах чөлкөмүнүн кесепетинен улам Армения менен Азербайжан жана Түркия ортосундагы экономикалык байланыш жок. Бирок, шейшемби күнү Азербайжандын мураскер президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабах жаңжалын жөндөө жаңы, ишкердүү этапка өткөнүн жарыя кылды.

2003-жылдын күзүндө Арменияда өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордон жана Азербайжанда о дүйнө сапар тарткан президент Гейдар Алиевдин ордуна уулу Илхам Алиев бийликке келгенден кийин, кээ бир байкоочулар эки өлкө арасындагы мамиле жумшарат деп үмүт арткан.
Оптимист талдоочулар кичкинтай Алиев Карабах чатагын токтотот, Азербайжан 2005-жылы Баку-Тбилиси- Жейхан боросу аркылуу Түркияга мунай жөнөтө баштайт деп божомол кылышса, пессимимистер Илхам Алиев Армениянын шартына көнсө, коомчулукка жана башкаруучу элитага алсыздыгын көрсөтүп, расмий бийлиги бошоңдойт деп боолгошкон. Бирок, адан бери Тоолу Карабах чатагында оң жылыш жок.

Шейшемби күнү президент Илхам Алиев Тоолуу Карабах маселесин чечүүнүн жаңы этабы башталды, ырасмий Бакы чатакты жөндөө боюнча Армения менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланат деп билдирди.

Бирок, эки жактын бу багыттагы саясаты өзгөрүүсү күмөндүү. Роберт Кочарян 7 жыл мурда президенттикке шайлангандан бери армян жетекчилиги Тоолуу Карабах Азербайжанга кыпындай да көз каранды болбош керек, Азербайжан менен тең укуктуу мамиледе болуу шарт деп санайт.

Ырасмий Ереван Тоолуу Карабах өз алдынча мамлекет болууга акылуу дегенде, кандай далилдерге таянууда? Сөз армениялык журналист Геворг Стамболянцта:

- 1991-жылы Азербайжан өзүн күнкорсуз республика жана 1918-20-жылдары өкүм сүргөн 1-чи Азербайжан Республикасынын мураскери деп жарыялаганын эске аласак, Армениянын саясаты түшүнүктүү болот. Армян өкмөтү Карабах 1921-жылы- Кавказда совет бийлиги орногондон кийин- Азербайжан ССРге өткөрүлүп берилген, Азербайжан өзүн 1-чи Азербайжан Республикасынын мураскери деп билсе, 1918-19-жылдары эки ортодо талаш болгон жерлердин башы али да ачыла элек экенин мойнуга алышы керек. Армян дипломатиясы карманган логика ушундай.

Ырасмий Баку эң оболу Армения 1990-жылдардын биринчи жарымында басып алган жерлеринен чыгып кетсин, ошондо гана Тоолуу Карабахтын маккамын сүйлөшөбүз деген өңүттө катуу турат “Азаттык” радиосунун Азербайжан бөлүмүнүн кызматкери Илхан Набиевдин айтымында:

-Азербайжан өкмөтү чатакты этап-этабы менен чечүүнү же оболу Армениянын куралдуу күчтөрү бардык басып алган жерлеринен, анын ичинде Тоолуу Карабахтан чыгып кетсин, ошондон кийин Тоолуу Карабахтын маккамы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз деп, ушу шартта бекем турууда.

1994-жылы аяктаган алты жылга созулган Карабах согушунун соңуна армян армиясы- Тоолуу Карабахты кошуп эсептегенде - Азербайжандын территориясынын бештен бирин басып алган.
Илхан Набиев армян аскерлери Азербайжан жерлеринен чыгып кетсин деген талапты Россиянын колдой баштаганын оң жышаан катары баалайт:

-Армения адегенде Азербайжандын жети районун, андан соң дагы беш районду бошотсун деген Бакунун талабы Москвада колдоо тапты. Тоолуу Карабах чатагына арачылык кылган эл аралык Минск тобу да чатактын ачыкычы Россиянын колунда экенин айтып жүргөн. Россиянын колдоосу Азербайжанга аз да болсо үмүт берет.
XS
SM
MD
LG