Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Леонид Кучма Виктор Януковичтин арызын кабыл алды


Украинанын кызматын өткөрүп берип жаткан президенти Леонид Кучма 5-январда Виктор Януковичтин арызын кабыл алып, аны премьер-министрликтен бошотту. Дагы бир жарлыгы менен Кучма биринчи вице-премьер-министр Николай Азаровду убактылуу өкмөт башчысы кылып дайындады.

Эсиңиздерге салып өтөйүн – Виктор Янукович президенттикке талапкерлигин коюп, 26-декабрдагы шайлоодо оппозициянын лидери Виктор Ющенкого уттуруп жиберген. Ал жеңилгенин эч убакта мойнуна албасын айтып, Ющенкого оппозиция болоорун билдирген.

Жаңы президент катары жарыяланып жаткан Виктор Ющенко 5-январда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы - Словениянын тышкы иштер министри Димитриж Рупел менен жолукту. Киевге келген Димитриж Рупел Украинада демократиянын жеңиши Европанын туруктуулугу үчүн чоң салым болду деп билдирди.

XS
SM
MD
LG