Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Германия 662 миллион доллар бөлөт


Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Ян Эгеланд Түштүк Азиядагы табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуга дүйнө коомчулугу 2 миллиарддан ашык доллар өлчөмүндө көмөк көрсөткөндүгүн билдирди. Дүйнө мамлекеттери жардам берүүнү азыр дагы улантып жатат. Мисалы, Түндүк Корея 150 миң доллар кошоорун айтса, канцлер Герхард Шрөдер Германия 500 миллионов евро же 662 миллион долларды жардам иретинде алдыдагы беш жылдын ичинде бөлө тургандыгын билдирди. Азырынча бул - бир өлкө убада кылып жаткан жардамдардын эң чоңу. Буга чейин Кошмо Штаттары 500 миллион доллар, Жапония 350 миллион доллар бөлүүнү убада кылган болчу. Түштүк Азиядагы суу каптоодон 60 немис каза тапты, дагы миңден ашуун немис жарандарынын тагдыры белгисиз болуп атат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG