Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

ШАШПА ТАЛАПКЕР, ШАШЫП КАЙДА БАРАСЫҢ?..


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. Кыргызстандын Шайлоо кодексиндеги жаңы талаптарга ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий түрдө ушул жылдын 2-февралынан кийин башталат. Бирок, талапкерлер эл арасында кыйыр түрдө ар кандай формадагы үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыктан коомдо азыр үгүт иштери боюнча карама-каршы көз караштар менен түшүнүксүз жагдайлар көбөйдү. Буга эмне себеп?

Азыр Кыргызстандын катардагы атуулдарынан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө чейин 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүү даярдыгы менен күн көрүп, депутаттык мараадан ким алдыга чыгаарын алдын-ала таразалап жатат. Буга парламенттик шайлоону өткөрүү жөнүндө президенттин жардыгына чейин эле депутат болууну көксөгөн айрым атуулдардын эл арасында жылы бою жүргүзгөн тымызын аракеттери жана азыр деле массалык маалымат каражаттарында бир адамдын ишмердиги тууралуу маалыматтардын көп басылып, көчөлөрдө айрымдарынын ишмердигин чагылдырган рекламалык такталардын орнотулганы негиз берүүдө. Ушундан улам эл арасында Шайлоо кодексининин талаптарынын так аткарылышына ишеним басаңдап, бийлик жактаган талапкерлер жол берген мыйзам бузууларга Борбордук Шайлоо комиссиясы баштаган бийлик органдары көз жумду мамиле кылабы деген күмөн ой күч алды. Ал тууралуу «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдыжапар Тагаев мындай дейт:

-Себеби, айтылган сөз менен жасалган иштер бири-бирине карама-каршы келип жатпайбы! Үгүт иштери тууралуу өткөндө Борбордук Шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берди. Ал тууралуу Шайлоо Кодексинде деле жеткиликтүү айтылган. Бирок, ага карабастан радио, телевидениеден кыйыр түрдө, кээ бир учурда ачык эле айтылган материалдар берилип жатат жана аларды бийликтегилер билмексен, көрмөксөн болуп коюп жатышат. Көрсөтүүлөрдү талдап көрсөк, алардын көбү бийлик колдогон партиялар, талапкерлер жана бийликти жактаган атуулдар жөнүндө болуп жатат. Бул бүгүнкү бийликтин айтканына карама-каршы кылган иштеринин бири.-

Абжыжапар Тагаев ушундай көрүнүштөр боюнча сотко атаандаштар кайрыла турган болсо, алар депутаттык үчүн жарыштан сөзсүз чыгарылышы керектигин да белгиледи.

Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөчү атайын жумушчу топ түздү. Топтун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун билдирүүсү боюнча, комиссия үгүт иштерин алдын ала баштап жиберген фактыларды дыкат иликтөөгө ала баштады:

- Чыны менен айрым талапкерлер мыйзамды сыйлабай өздөрүнүн үгүт иштерин мөөнөттөн мурда баштап коюшту. Мына Бишкектин эле 2-3 жерине чоң-чоң сүрөттөрүн илип коюшту. Биз аларга бул аракет мыйзамга каршы экендигин эскертип, алдырып жатабыз. Андан тышкары массалык маалымат каражаттарына ар кандай жолдор менен материалдарды бастырып жатышат. Бул кыргызча айтканда, кыйыр үгүт деп бааланат. Ошол тууралуу бизге бир топ материалдар түштү. Биз аларды талапкерлерге эскертип жатабыз. Анткени, Шайлоо кодексининин 36-беренесининин 9-пунктуна ылайык талапкер тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү бузулса, аны каттоодон чыгарып коюуга укугубуз бар. Ага негиз берген жобо Шайлоо Кодексининин 36-беренесининин 9-пунктунда жана 56-берененин «б» пунктунда жазылган. Бирок, биз азырынча талапкерлердин баарына оозеки жана жазуу түрүндө эскертүү берип жатабыз. Чынын айтканда, талапкерлердин көбү аны туура түшүнүп,сүрөттөрүн алдырып, массалык маалымат каражаттарына чыкпоого аракет кылып жатышат.

Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, мөөнөттөн мурда жүргүзүлгөн үгүт иштери жана жарыяланган материалдар боюнча комиссияга түшкөн билдирүүлөр топтолуп жатат. Алар талапкерлерди каттоодон кийин талданып, мыйзамды бузгандыгы аныкталган талапкерлерди мараадан чыгаруу аракети көрүлөт.

Ал эми Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги тактага сүрөтүн илдирген бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева БШКнын рекламалык тактадагы сүрөтүн алдыруу талабын атуулдун укугун басмырлоо деп бааласа болот деп билдирди. Анын айтымында, депутаттыкка талапкер болуп катталбаган атуулдун коомдо өз бейнесин түзүү үчүн жасаган аракетин үгүт деп саноого болбойт:

-Шайлоо Кодексинде бул тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Бейне түзүүгө багытталган реклама жасоого Шайлоо Кодекси эч кандай тыюу салбайт. Эгерде ошол рекламалык маалымат элди үгүттөсө, анда ал үгүт деп бааланып, аны жасаган адам депутаттыкка талапкер катары каттоодон алынат. Ал эми бул жерде расмий каттоодон өтпөгөндөн кийин тактага сүрөтү тагылган адамдын укугун бузгандык болот. Эгер каттоодон өтүп койсок же элди үгүттөгөн маалымат болсо бир жөн эле… Эгер чындап мындай мамиле боло турган болсо чылым чыгарган компаниялардын чылым чегүүгө үндөгөн рекламалык такталарынын баарын алдырып салыш керек. Анткени, алардын өкүлдөрү деле депутаттык жарышка түшүп жатышпайбы….,-

Ал эми БШК комиссиясынын мүчөсү Туйгунаалы Абдраимов күнүмдүк иши тууралуу маалымат берген азыркы депутаттардын билдирүүлөрү үгүт иши деп бааланбасын билдирди.

XS
SM
MD
LG