Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

ТРОЯН АТЫ... МЕЗГИЛ ЧЫНДЫГЫ... ТОПОН СУУДАН АМАН КАЛГАН АКЫЛБЕК...


Кабыл Макеш, Бишкек. “Рух.kg ” жумалыгы алдыдагы парламенттик шайлоодо түштүк аймагынан кимдер депутат болушун божомолдоду. “ Вечерний Бишкек” басылмасы Тайланддагы кырсыктан аман калган бишкектик Акылбек Мейраждинов тууралуу маалымдады.

“Рух.kg” гезити жаңы жылдык жүзүн “ Тоок жылы: ким президент?..” деген фотоколлаж менен ачты. Ушул басылманын “Троян аты... Мезгилдин акыркы чындыгы же саясий кырдаалга ретушу жок штрихтер” деген макаласында Шериктеш өлкөлөрдөгү саясий кырдаал, Борбор Азиядагы демократиянын өзгөчөлүктөрү, Украинадагы шайлоо сабактары жана Кыргызстандагы президенттик шайлоого талапкерлер тууралуу кеп болот. “Кыргыз бийлиги Украин синдромун өзүнөн канчалык алыстатып кууганы менен ошончолук аны жакындатып жатканын билбей турат. Азыркы күндө бийликтин ресурсу гана эмес, анын ишеним кредити да акырына чыгып баратат” деп макаланын автору Эркин Мураталы “келээрки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин” жазган.
Ушул басылмага берген маегинде “Кут Ордо” тилектештигинин президенти Дастан Сарыгулов: “Рух- улут туу чокусу экенин жана “Теңирчилик жашоо шартка айланып, тилге, дилге сиңип, нарк- насил, жорук- жоосун болуп калганы аркылуу, ал дин деген көндүм түшүнүктөн алда канча бийик жана таза турганын” айткан.

5- январда “Кыргыз караван” жумалыгынын жаңы саны жарык көрдү. Мында журналист Жаныш Кулманбетов: алдыдагы парламенттик шайлоолор, депутаттыкка талапкерлердин куру убадалары, жаңы замандын кулпусун эски ачкыч менен ачкылары келгендигин, айрымдары күндөлүк аткаруучу иштерин депутаттык программага айландырып алганын жана эски лозунгдар менен элди алдоого болбостугун” жазган. Ошондой эле кыргыз аялзаты кыргыз элинин эгемендүүлүгүн сактап калуудагы салымдары жөнүндө да кеп болот.

6- январда “Адабий гезит” жумалыгы жарык көрдү. Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жумалыктын редактору Асанбек Кулманбетов мындайча айтып берди.
- Кыргыз театрынын жылдызы СССРдин эл артиси Бакен Кыдыкееванын чеберчилиги, касиети, адамкерчилиги тууралуу эскерүү жарык көрдү. Жакында эле шум ажал арабыздан алып кеткен белгилүү актер, төкмө акын Орозбек Кутманалиевге гүлчамбыр арнадык. Жаңыдан акын- жазуучулардын башын бириктирген, кайра түзулгөн Улуттук жазуучулар кошунунун төрагасы Жалил Садыков мурдакы союздун жоюлушунун себептерин жана алдыдагы милдеттер тууралуу кеп козгоду. Жаш таланттардын ырлары да жарыяланды.

5- январдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы борбордо жаңы жылды майрамдоо тынч, бейпил өткөнүн, бирок шаардык “Тез жардам” кызматын 3 жарым миң жолу чакыруу болгонун, негизинен сасык тумоодон жабыр тарткандарга жардам берилгенин, 80 киши бут- колун тайгактан кокустатып алганын маалымдайт.
Ушул басылманын кабарчысы Замир Имашев “Өлкөдөгү оппозиция “жылдыз оорусу” менен ооруп жатканын, ар дайым шайлоо алдында альтернативдүү топтор түзүлөөрүн жана парламенттик шайлоого мурдакы министрлер кабинетинин мүчөлөрү оппозициянын аты менен катышаарын” жазды. “Элдик” кыймыл деп аталганы менен алар “жумуштан жошотулган начальниктердин уюму” деп жазат Замир Имашев.
“Куала-Лумпурда тил үйрөнүү курсунда окуп жүргөн бишкектик Акылбек Мейраждинов жаңы жылды Тайланддын океан жээгинен тосууга барат. Каргаша болуп, кырсыкка кабылып, ааламаттан аман калат. Акылбек үч жашында үч кабат үйдөн кулап, анда дагы аман калган.” деп маалымдайт “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Амалия Бенлиян.
“ Ден соолукка миң кеңеш” аттуу басылма 5- январда чыгып, анда дүйнөлүк медицина жаңылыктары, окурмандардын суроолоруна адистердин жооптору, дарттан сактануунун ыкмалары жарыяланды.
XS
SM
MD
LG