Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

ООГАН ЖУРНАЛИСТТЕРИ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТӨБӨЛДӨРДӨН ДАЛЕ ЖАЛТАКТАП ТУРУШАТ


Кубат Оторбаев, Прага Ооганстанда талиптердин режими 2001-жылдын аягында кулагандан бери өлкөдө массалык маалымат каражаттары өнүктү. Ушул тапта 200дөн ашуун эркин гезиттер, бир канча жеке менчик теле, радиокомпаниялар бар. Ошого карабай, талдоочулардын айтымында, өз өмүрүнөн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан корккон журналисттер өздөрүн өздөрү тыйып, айрым темаларды көтөргөндөн дале жалтактап турушат.

Талиптердин тушунда Ооганстанда саналуу эле гезит бар болчу: алар да мамлекеттин катуу көзөмөлүндө чыкчу. Өлкө боюнча бир гана үналгы – “Шарият” радиосу бар болчу жана ал негизинен диний программаларды гана чагылдырчу. Телекөрсөтүүгө болсо талиптер таптакыр тыюу салып салган.

Үч жыл өткөндөн кийин мунун баары өзгөрдү. Азыр Маалымат жана маданият министрлигинен каттоодон өткөн гезиттердин саны 250гө чамалап барат. Мындан тышкары 42 радиостанция, сегиз жеке менчик телекомпания бар. Талдоочулар болсо мындай көрүнүш сөз эркиндигинин каруу-күчкө толушуна жакшы таасирин тийгизет деп жатышат.

Ошентсе да ооган журналисттерин азыр толук эркин деп айтууга негиз жок. Анткени президент Хамид Карзайдын өкмөтүнүн бийлиги Ооганстандын баардык эле провинцияларында күчкө ээ эмес. Карзайдын администрациясынын басма сөз кызматынын өкүлү Сеймак Херавинин айтымында жергиликтүү көпчүлүк журналисттер дале болсо провинциялардагы аскер төбөлдөрүнөн, милиция жетекчилеринен жана консерваторлордон жалтактап турушат:

– Кандай болгон күндө да мурдагыга караганда басма сөз эркиндиги бар. Ошентсе да Ооганстандын азыркы шартына байланыштуу өзүн-өзү тыйган көрүнүш сакталууда. Мисалы: дагы эле көп журналисттер чындыкты айтсам мага коркунуч туулат деп коркуп турушат. Борбордук өкмөт баардык эле облустарга бийлигин тегиз орното албагандыктан, журналисттер жергиликтүү төбөлдөрдү сындагандан тартынышат.

Айрым талдоочулар болсо борбордук өкмөт, так айтканда, президент Карзайдын айланасындагы эле чиновниктер эркин басылмаларга сес көрсөтүп турат дешет. Ага мисал катары отставкага кеткен Маалымат жана маданият министри Абдул Хамид Мобарездин айрым иштерин келтиришет.

Бирок мындай кинелер менен президенттин администрациясы макул эмес. Сеймак Херавинин өзү мындан мурда өкмөттүк гезиттин башкы редактору болуп иштеген. Ал “далай жолу бийликти сындадык, бирок андан жапа чеккен жокпуз” дейт:

– Мамлекеттик эч кандай цензура жок. Азыр сиз өкмөттүк массалык маалымат каражаттарында көрүп жаткан курч сын-пикирлер мурда дегеле биздин тарыхта учураган эмес. Мен өзүм башкы редактор болуп гезитте иштедим. Биз өкмөттү катуу эле сындап турдук, бирок бизге эч ким эч нерсе деген жок.

Дале болсо Ооганстандын көпчүлүк калкы кат тааныбайт. Ошондон улам радио – маалымат алуунун негизги булагы катары кызмат кылат. Теле болсо Кабулга окшогон чоң-чоң шаарларда гана эми араң көрсөтүлө баштады. Гезиттер болсо сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлө элек, журналисттер өздөрүнө-өздөрү редактор болуп, чектелип турушат.

Кеңсеси Парижде жайгашкан Чегарасыз репортерлор уюмунун эксперти Винсент Броссел Ооганстанда журналист болуш жанды тобокелге салган менен барабар экендигин белгилейт:

- Өлкөнүн түштүгүндө Кост же Кандагар сыяктуу аймактарда дале болсо Талибандын коркунучу сакталууда. Ал жерлерде журналисттер эки оттун ортосунда калгандай. Алар талиптерге каршы күрөшүп жаткан өкмөттүк жана америкалык аскерлер менен мамиле түзүп, маалымат алып турушат. Биз журналисттерди жергиликтүү аскер төбөлдөрү Калашников автоматын такап, коркуткан учурларды көп эле каттадык.

Ошентсе да жылыштар бар. Президент Хамид Карзай жаңы өкмөткө мурда журналисттерди коркутуп же аларга ыдык көрсөткөн чиновниктерди кошкон жок. Карзай мындан бир нече ай мурда кызматтан алган Гераттын губернатору Исмаил Хан дагы журналисттерди көп деле жактыра берчү эмес дешет.

Гератта журналист болуп иштеген Адела Кабири айым эми провинцияда иштеш кыйла жеңил болуп калды дейт:

- Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөргө чейин Гераттагы журналисттер айрым тоскоолдуктарга учурап, жазгандары цензурага алынчу. Эми, менимче, журналисттерге эч кандай чектөө жок.

Өткөн жылдын октябрында Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Эми май айында парламенттик шайлоо болгону жатат. Ооганстандык журналисттер анын жүрүшүн коркпой-үркпөй калыс чагылдыра алабы? Чегарасыз репортерлор уюмунун эксперти Винсент Броссел бул Карзайдын өкмөтүнүн аракетине байланыштуу болот дейт. Так айтканда, өкмөт провинциялардагы жергиликтүү хандардын ылашкерлерин куралсыздандырып, жалпы өлкөнүн аймагында бийлигин чыңдоого тийиш.
XS
SM
MD
LG