Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

«Алга, Кыргызстан!» курултайда талапкерлерин жарыялайт


БИШКЕК. 10-январда «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын кезексиз
курултайы болуп, анда партиянын 2004-жылы аткарган иштери талкууланат жана парламенттик шайлоого талапкерлер сунушталат. Мындан тышкары курултай жетекчи органдын курамын өзгөртөт. Партиянын тараткан маалыматына караганда, курултайга 900 адам чакырылган. Алардын катарында делегаттардан тышкары өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. «Жаңы кыймыл», «Манас Эл», «Жаңы заман» жана «Кооператорлор» партиялары биригип, «Алга, Кыргызстан» деген ат менен былтыр кайра түзүлгөн. Кийинчерээк ага Амангелди Муралиев жетектеген «Биримдик» партиясы кошулган . «Алга, Кыргызстан» саясий чөйрөдө президенттин саясатын жактаган партия катары сыпатталат.

XS
SM
MD
LG