Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

КЫРГЫЗ ЗЫЯРАТЧЫЛАРЫНА ИРАК ОКУЯСЫ ТААСИР ЭТЕБИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандан быйыл Меккеге ажылык сапарга төрт жарым миң адам аттанууда. Сауд арабиясынын ажы министрлиги коопсуздук үчүн эмдиги жылдан баштап аба жолдор аркылуу гана жөнөтүүнү талап кылып жатат. Ал эми ажыга бараткандардын сапарын Ирактагы согуш ого бетер оорлотту.

Жылдан жылга Кыргызстанда ажыга барууну каалагандарды саны көбөйүүдө. Кыргызстан мусулмандар муфтийи Муратаалы ажы Жуманов аны эки себеп менен түшүндүрөт. Биринчиден, элдин жашоо турмушу бир аз оңолуп, Меккеге чейинки жолду төлөгөнгө дараметинин бардыгы. Экинчиден, исламга карата мамиле жакшырды. Шарият боюнча ажыга балакатка жеткен, тактап айтканда, эркектер 12 жаштан, кыздар 9 жашка чыккандан кийин ажыга барганга уруксат. Бирок, аялдардын жанында сөзсүз коштоп жүргөн эркек адам болушу керек. Быйыл ажыга сапар тарткандардын 30 пайызын аялдар түзөт. 4- январдан баштап ажыга сапар алуу башталды. Акыркы топ 9- январда жолго чыгары күтүлүүдө. Борбордук мечиттен билдиргенине караганда, Меккеде негизги ажылык иш- чаралар 18- январда башталып, 5 күнгө созулат. Бул күндөрү дүйнөнүн булуң- бурчунан келген 3 миллионго чукул мусулман зыяратчылары Меккеге ажылык ырасмисин жасоого баш урат.
Кыргызстанда ажыга барчулар быйыл Түркмөнстан Иран, Сирияга виза ачтырууда кыйынчылыктарга тушукту. Муратаалы ажынын айтымында, ушул күндөрү да айрым автобустар Ташкентте түркмөн элчилигинин жанында токтоп турат. Ажылык сапарга Ирактагы согуш да кедергисин тийгизип жатат. Кыргызстандык мусулмандар автобус менен Ирак аркылуу барганда алда канча жакын эле. Бу жолу Түркия аркылуу 7 миң чакырымды басып жолдо 9-10 күн жүрүшмөкчү. Муратаалы ажы Жумановдун айтымында ажылыкка сапар учурунда адам өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайлар көп болот:
-Мен ал жакка сентябрда барганда эле 45 градус ысык болчу. Күн аябай ысык. Башка климат, суусу жана тамагы жакпай калышы ыктымал. Айыт күнү болсо Арафат тоосуна чыгыш керек. Ага каалабай, кыйналып турсаң да барышың керек. Анан эл арасында тыгылышып бирин- бири тепселеп салат экен деген кептер айтылып жүрөт. Атайын эч качан бирин- бири тебелебейт. Балким, ошого мажбур болуп калышы ыктымал. Кааба ташын айланып жаткан убакта тыгылышып, жөөлөшүп араң эле басасың. Ошол убакта ден- соолукка зыян болуп калышы ыктымал,- дейт Муратаалы ажы.
Анын айтымында, Кыргызстандан барып Меккеден каза болгондор бар. Бирок, муфтий алардын санын жарыялаган жок. Ал эми шариятка ылайык ажыга барып каза тапкандардын сөөгүн өз жерине алып келүү милдет эмес. Меккеге чогулган миллиондогон мусулмандар жаназасын окуп, ошол жактан акыркы сапарга узатат.
Быйыл ажыга учактар менен үч багытта да жөнөп жатат. Билет баасы 1200дөн 1600 долларга чейин. Ал эми автобус менен бараткандар 800 доллар төлөштү. Быйыл жеңил автоунаа жана кичи автобустарга тыюу салынып, чоң ыңгайлуу гана автобустар жалданды. Сауд Арабиясынын ажы министрлигинин талабына ылайык эмдиги жылы жалаң учак менен жөнөтүү аракети болууда.
XS
SM
MD
LG