Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

СТИВН БЛЭНК: БАТЫШ ЧЫГЫШ ТИРЕШҮҮСҮ КҮЧ АЛАТ, БИРОК…


Жаңыл Жусупжан, Прага Украинадагыдай бийликтин бейпил төңкөрүштө алмашышын болтурбоо далалатында, Кыргызстанда президент Акаев чет элдик уюмдардын колдоосун алган партияларга каршы аеосуз күрөшкө чыкырды. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанда мындай уюмдардын өздөрүн бир четинен өлкөдөн сүрүп чыга башташты. Бирок, америкалык изилдөөчү Стивн Блэнктин жазышынча, кезегинде Сербияда башталып, кийин Грузияга, эми Украинага жеткен ар түстүү төңкөрүштөр КМШнын калган мамлекеттеринде баары бир өз таасирин тийгизбей койбойт.

Стивн Блэнк АКШ Армиясынын Согуш Колежинде сабак берет. Профессордун Евразия Вью интернет сайтында 6-январда жарык көргөн макаласы Кошмо Штаттарынын расмий көз карашын чагылдырбайт.

Анын пикиринде, Украинадагы окуялар менен катар, Европа Биримдигинин Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүү баштоого макул болушу Евробиримдикти жана НАТОну Кавказга жана Борбор Азияга дагы жакындата турган окуялар болуп калды. Батыш-Чыгыш тирешүүсү күч алышы мүмкүн, бирок жалпысынан аталган тараптардын бул аймактарга кызыгуусу демократиялык өзгөрүштүн басыгынан жазбай уланышына кепилдик боло алат.

Грузиядагы роза төңкөрүшү Европа Биримдигинин Кавказ аймагына болгон кызыгуусун арттырды. Буга мисал, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Грузияда чек ара көзөмөлүн улантуусуна Орусия каршы чыккандан кийин, Евробиримдик 30-декабрда бул жакка өз байкоочуларын жиберүү демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин реформа иштери Евробиримдиктин миллиондогон евро түрүндөгү гуманитардык жана финансылык жардамына жол ачууда.

Түркия менен сүйлөшүү бул алаканы дагы бекемдейт. Себеби Кавказдын чырлуу аймактарынын Европага келтире турган коркунучун Анкара Брюсселге жеткиликтүү түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Ал эми Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай жолу үстүбүздөгү жылы ишке кирип жатканын эске алганда, Европа аймактык талаштарды басууга дагы көбүркөөк кызыгаары шексиз. Түркия бул талаштарга арачы гана болбостон, саясатты демократиялаштырууда Кавказ аймагына үлгү да боло алат. Киевдеги соңку козголоң мындай жылыштарга дагы огожо болмокчу.

Бирок Түркиядан айырмаланып, Украинанын демократиялык реформалары Орусиянын катуу каршылыгына туш келет. Виктор Ющенконун өкмөтү Украинанын НАТО жана Европа Биримдиги менен алакасын бекемдөөгө аракет кылат. Мындай алака КМШ мейкиндигиндеги коопсуздук жана дипломатиялык мамилелердин түп-тамырынан жаңырышына түрткү болоорун болжолдоо мүмкүн.
Ал эми Орусиянын аракеттери Кавказда, кайсы бир деңгээлде Борбор Азияда деморкатиялык реформаларга оң таасирин тийгизмекчи. Бийликтерге нааразылык күчтүү болгон Азербайжан менен Арменияда ички чыңалуу күч алаары шексиз деп эсептейт аналитик.

XS
SM
MD
LG