Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Кытайда калктын саны 1,3 миллиардга жетти


Бейшембиде Пекинде өлкөнүн 1 миллиард 300 миллионунчу жаранын төрөгөн энеге атайын күбөлүк тапшыруу салтанаты өттү. Наристе 6-январда саат нөлдөн эки минута өткөндө Пекиндеги төрөт үйлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келген. Мамлекеттик "Синьхуа" жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, эгер өлкөдө төрөттү чектөө боюнча саясат жүргүзүлбөгөндө, 1 миллиард 300 миллионунчу жаран мындан төрт жыл мурда эле төрөлмөк.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG