Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Израилдин Жогорку соту палестин бийлигинин түрмөдөгүлөрдү шайлоого катыштыруу жөнүндөгү өтүнүчүн четке какты


Палестин автономия башчысын шайлоо 9-январда өтөт. Сот өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоого чейин калган кыска убакыттан аралыгында буга даярдык көрүү мүмкүн эмес. Ал эми Палестинанын камактагылардын иштери боюнча министри Хишам Абдель –Разык Израил сотунун чечиминде саясий жүйөө бар деп эсептейт. Палестин автономиясынын башчылыгына негизги талапкер катары шайлоо компаниясын жүргүзүп жаткан Махмуд Аббас камактагылардын бошотулушу үчүн аракеттенээрин билдирүүдө. Аббас Израилдин "Маарив" гезитинде жарыяланган маегинде, эгер ал автономия президенттигине шайланаса, Израил менен тынчтыкка жетишүүгө "эң сонун мүмкүнчүлүк" болорун белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG