Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 15:16

Украинанын Жогорку соту президенттикке талапкер Виктор Януковичтин арызын кароону баштады


Мурдагы премьер- министр добуш берүү мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт, анын жыйынтыгы өзгөрбөшүн моюнга алганы менен бул жаатта бардык мүмкүнчүлүктү колдонорун эскерткен. Декабардагы шайлоонун жыйынтыгы оппозиция лидери Виктор Ющенко 52%, Виктор Янукович 44% добуш алганын көргөзгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча соңку расмий жыйынтыкты чыгара элек. Мурдагы премьер- министр Виктор Янукович 21-ноябрда өткөн шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган эле. Бирок андагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганына байланыштуу Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG