Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Иракта өзгөчө абалдын мөөнөтү дагы отуз күнгө узартылды


Адеп башында өзгөчө абал алтымыш күнгө киргизилген эле. Эми ал 30-январга белгиленген шайлоодон кийинкиге чейин узартылды. Өзгөчө абалдын учурунда өкмөткө козголоңчулар менен күрөшүү үчүн кошумча укуктар берилет. Ал эми Иракка коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Иорданиянын башкалаасы Аммандагы кеңешмесинде сунни араб өлкөлөрү: Иордания, Египет, Кувейт, Сауд Аравия биргелешкен коммюникеде ирактык суниттерди 30-январга белгиленген шайлоого толук катышуу чакырыгы айтылышын колдоду. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари болсо Иранды жана башка өлкөлөрдү шайлоого кийлигишпөөгө үндөдү. Аммандагы жыйынга Ирактан коңшуларынан бир гана Ирандын тышкы иштер министри келген жок. Ирак полициясынын билдирүүсүнө караганда, Мосул шаарында козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн 18 ирактыктын сөөгү табылган. Ал-Анбар шаарындагы операция учурунда бир америкалык жоокер мерт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG