Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

БУУнун башкатчысы цунамиден жабыр тарткан өлкөлөргө убада кылынган акчаны тез берүүгө чакырды


Бейшембиде Индонезиянын башкалаасы Жакартада өткөн чукул жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Дүйнө мамлекеттери жер титирөөгө жана цунамиге кабылган Түштүк- чыгыш Азия мамлекеттерине жардам ирээтинде 4 миллиард доллар убада кылууда. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан донорлорду ошол убада кылынган акчанын 1 миллиардын тезинен бөлүп берүүгө чакырды. Аннандын айтымында, бул акча жабыр тарткан калктын негизги муктаждыктарын орундатуу үчүн зарыл. Саммиттин катышуучулары ошондой эле Инди океанда цунами жөнүндө күн мурунтан экертүүчү система түзүү демилгесин колдошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG