Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

«КЫРГЫЗ БИРИМДИГИ» - МОСКВАДА


Төрөкул Дооров, Москва. Өткөн 2004-жыл Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын турмушунда бир канча өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Бул өзгөрүүлөр алардын Орусиядагы укуктук абалына да, жеке турмушуна да тийиштиги бар. Бүгүн биз ошол өзгөрүүлөрдүн айрымдарына токтолуп өтөбүз. Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооров өткөн жылы ишмердүүлүгүн баштаган кыргыз диаспорасы «Кыргыз биримдиги» аттуу уюмдун өкүлдөрү менен маектешкен.

«Кыргыз биримдиги» уюму ишин активдүү баштаганына жакында, тагыраак айтканда, Ноорузда туура бир жыл толот. Орус жергесиндеги кыргызстандыктардын уюму мурда деле болгон, бирок акыркы бир канча жылдардан бери иштеген эмес. Анын себептерин ар ким ар кандайча түшүндүрөт. Канткен менен дал ушул 2004-жылдан тарта Москвада кайрадан кыргыз диаспорасы ишин баштап, жергиликтүү кыргыз тилдүүлөр же кыргызстандыктар кайрадан бири-бири менен жолугуп, проблемаларын биргеликте чече баштады.

Турсунбай Туратбеков – «Кыргыз биримдиги» уюмунун өкүлү. Ал көбүрөөк Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын проблемаларын чечүү үстүндө иштейт. Анын маалыматында, Москванын өзүндө эле Кыргызстандан келип, иштеп жаткандардын саны 20 миңдин тегерегинде.

- 20 миңге жакын кыргызстандык атуулдар биздин каттоодон өтүштү. Бирок, көптөр биздин катоодо жок экендигин да эске алуу керек, анткени көптөр мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Алдыларына барсаң коркушат. Эми бул түшүнбөгөндүктөн да…

«Азаттык»: - Айтыңызчы, бул жакка Кыргызстандан келип жаткан атуулдарга сиздер кандай жардам бере аласыздар?

- Биз көбүрөөк мыйзам жагынан көмөк көрсөтөбүз. Анын ичинде, адвокаттардын жардамы (бул жерде кыргызстандык адвокаттарыбыз бар), азыр «загранпаспорт» проблемасы үстүндө аны кантип жасоо керектиги тууралуу маалымат таркатып жатабыз. Кыйналып, милицияга түшүп калгандарды чыгарып турабыз. Эми алардын көйгөйлөрүнүн баары бул жакка Кыргызстандан жөнөшкөндө туура эмес маалымат алып жатышкандыгында. Биз Орусияга атанган мигранттарга бул жакка келгенде эмне кылуу керектиги тууралуу баардык маалымат каражаттары аркылуу, вокзалдарда маалымат барактарын таркатышыбыз керек. Мисалы, көптөр Москвага келип алгандан кийин вокзалдан эле туура эмес, колдо эле арзан сатылып жаткан каттоо барактарын алып алышат. Бул – туура эмес.

«Азаттык»: - Вокзалдан келгенден кийин алардын биринчи аракеттери кандай болуш керек?

- Мыйзам чегинде келгенден кийин коркпой эле, биринчи кезекте, элчиликтин жатаканасына болсо да 15 күнгө каттоодон өтүп койсо болот. Ошол убакыттын ичинде дагы башка жерлерден 3 айга катоодон өтүп коюш керек. Анан документтерди тууралап алгандан кийин кеңири иштей беришсе болот. Көпчүлүк паспортунда чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү баракчасы жок, алар жаңы жылдан тарта кыйналып калышат. Андыктан, ушул тапта элчиликке мигранттардын паспортторун толтура алып келип, кийин аларга кымбат баада сатып, бизнес кылгандар да көп болуп жатат, - деди «Кыргыз биримдиги» уюмунун өкүлү Турсунбай Туратбеков.

Турсунбай мырза жогоруда айтып өткөндөй, жакындан тарта орус жергесинде кыргыз диаспорасынын «Биримдик» деп аталган гезити чыга баштады. Анын биринчи эки санында тең Орусиянын мигранттарга тиешелүү мыйзамдарына кеңири орун берилиптир. Гезиттин башкы редактору Раимкул Токуров мырза аны каерде табуу керектигин түшүндүрүп берди.

- Биздин уюмда негизи 12 адам болсок, гезитти баарыбыз тең бөлүштүрүп алабыз да, тааныштарыбызга жана башка жерлерге таркатып беребиз. Башка жер дегенибиз – Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин жатаканасында, элчиликтин өзүндө, кыргызстандыктар адата топтолуучу кафелерде жана соода түйүндөрүндө, ошондой эле студенттерге таркатып беребиз. Акыркы мезгилдерде интернетте өзүбүздүн баракчаны ачсак деген тилек бар. Жакында www.kyrgyz-rus.ru деген сайт иштей баштайт. Анда Орусиядагы кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар болмокчу, - деди «Биримдик» гезитинин башкы редактору Раимкул Токуров.

Анын оюнда, өткөн жыл мындагы кыргызстандыктардын турмушунда маанилүү окуяларга бай болду.

- Биринчиден, биз былтыры Ноорузда кыргызстандык өнөрпоздорду, элчиликтин өкүлдөрүн, бул жактагы аксакал агаларыбыз менен мигранттарды, жалпысынан, 800дөй адамды чакырып өзүбүздүн уюмдун ачылышын өткөрдүк. Андан ары мигранттарга укуктук жактан маалымат таркатуу ишин консулдук бөлүм менен биргеликте активдүү жүргүзө баштадык. Андан сырткары, кыргызстандыктар чогулуп турган иш-чараларга катышып турабыз, мына, бүгүн да студенттердин кечесиндебиз. Аларга насаат айтып, чечилбей жаткан маселелерин чечүүгө жардам берип жатабыз. Кандай күн болбосун, бирге болууга, аларга жардам берүүгө аракет кылып жатабыз.

Раимкул мырзанын айтымында, мекенинен алыста жүргөн мындагы кыргызстандыктар да өлкөдө ушул жылы күтүлүп жаткан чоң саясий өзгөрүүлөргө ынтызарлык менен кулак түрүп жатышат.

- 13 жылдан бери өлкөбүздө өзгөрүүлөр, жылыштар билинбей келатат. 2005-жылда февралда жана октябрда шайлоого байланыштуу чоң окуялар болгону жатат. Андыктан элибиз «Башын колуна кармап алып» дегендей терең ойлонуп, өзү каалаган бийликти тандап алуусун каалар элем, - дейт Москвадагы кыргыз диаспорасынын «Биримдик» гезитинин редактору Раимкул Токуров.
XS
SM
MD
LG