Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

ӨЗБЕКСТАНДА БИЙЛИК ҮЧҮН ТЫМЫЗЫН КҮРӨШ КҮЧ АЛУУДА


Өзбек президенти Ислам Каримовтун начар ден соолугу жөнүндөгү имиштер көбөйгөн сайын, анын ордун басууну көздөп жаткан саясатчылардын ортосундагы тымызын күрөш күчөп жатат. Негизги таймаш өлкөнүн ички иштер министри менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси ортосунда жүрүүдө. Бул темага арналган макала жакында “Eurasia View” деген сайтта жарык көрдү.

Ички иштер министри Закир Алматов жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятовтун мамлекет башчынын креслосун ээлөө амбициялары күчтүү. Экөө тең Каримовтон кийнки эң кубаттуу саясатчылар болуп эсептелет. Иш жүзүндө Иноятов менен Алматов ар бири жакшы куралданган жеке армияга ээлик кылышат. Эки саясатчынын тең бизнес тармагына болгон таасири да күчтүү.

Президент Каримов олуттуу дарттан жабыркап жүрөт деген имиштер тараган сайын, анын мураскери жөнүндөгү маселе көбүрөөк көтөрүлө баштады. Ошол эле мезгилде расмий Ташкент мамлекет башчы куландан соо деп ырастап келатат. Көпчүлүк булактар Иноятов менен Алматовко башка саясатчыларга караганда артыкчылык беришет.
Коопсуздук кызматынын жетекчиси Ташкент шаарынын саясий кланынын өкүлү болуп эсептелет, министр Алматовту болсо самарканддык күчтөр колдошот.

Иноятов коопсуздук мекемесинин башына 1995-жылы келген. Анын жетекчилиги астында бул орган эски КГБнын ыкмаларын колдонуп, ислам радикализмине, бийликтин саясий оппоненттерине каршы күрөшкө карай багыт алган.
Алматов болсо министрдин кызматын 1991-жылы ээлеген. Ал президент Каримовтун саясий атаандаштарын жок кылуу же сүргүнгө айдоо аракеттеринде негизги ролдордун бирин ойногон.

Алматов кылмыштуулукту азайтуу кампаниясынын ийгилигинен кийин өзүнүн саясий дымагы жөнүндө ишарат берип, Каримовту бир топ бейпайга салган. Ошентип президент министрдин таасирин төмөндөтүү максатында коопсуздук кызматынын жетекчилигине Иноятовту дайындайт.

Өзбекстандагы саясий байкоочулар Иноятов Каримовтун ишеничтүү адамдарынын бири дешет. Улуттук коопсуздук кызматынын ыйгарымдары барган сайын кеңейтилүүдө. Жакында чегараларды кайтаруу жана бажы инспекциясы коопсуздук кызматынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Бирок аналитиктер Каримовтун авторитардык системасы жакынкы жылдары кыйрап калышы ыктымал деп эскертишет.
Декабрда сүйлөгөн сөзүндө президент Өзбекстан макроэкономикалык стабилдүүлүккө жетишти, 5 жылдын ичинде элдин киршеси орто эсеп менен алганда 210 процентке өстү деп жарыялады. Мындай билдирүү мамлекет башчы реалдуулуктан алыс жашап калгандыгын далилдейт дешет байкоочулар.
Эларалык финанасылык корпорация, Дүйнөлүк банк даярдаган отчетто жергиликтүү бизнеске болгон инвестициялар соңку 3 жыл ичинде 50 процентке азайгандыгы айтылат.

Начар экономикалык кырдаалдан улам, элдин нааразылыгы күчөп, өзбектер бийликтин репрессияларынан коркуу сезиминен арылып жаткандай таасир калтыра башташты.
Ноябрда Кокон шаарында алты миңдей киши чогулуп, өкмөттүн салык жана соода саясатына нааразылыгын билдиришти.
Өткөн айда да өлкөнүн бир катар чөлкөмдөрүндө ушундай эле демонстрациялар өткөрүлдү.
Таң калычтуусу, тартип коргоо органдары бул акциялардын катышуучуларына салыштырмалуу жумшак мамиле жасашты. Мурдагыдай демонстранттарды күч менен таркатуу же камакка алуу байкалган жок, - деп жазат “Eurasia View”.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG