Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Айнура Жекше кызы, Прага.

Жаңы жылдын түнү жомоктогудай окуяларга бай болот эмеспи. Американын Денвер шаарындагы үйсүздөр жаңы жылга аз калганда конолгонун жанына бир жип келип токтоп, айдоочу жүз долларлык купюраларды алып чыгып, элге тарата баштаганын айтып беришти. Ошентип, белгисиз Санта Клаус же Аяз ата майрамдык түндө бараар жери жок байкуштарга 35 миң доллар бериптир. “Санта Клаус жөнүндө көп эле укчумун. Бирок мындай окуяга туш болом деп ойлогон эмесмин”, - дейт ноябрдан бери конолгодо баш калкалап жүргөн Уильям Шенгелис. Эң көп акча Луис Тезада менен анын 4 баласына тийди. Белгисиз конок аларга 5 миң доллар берип, бул каражатты үй сатып алууга кошобуз деген убадаларын алды.
Санта Клаус атын атаган жок, бирок бир кездери өзү да ушунтип көчөдө калгандыгын баяндап бериптир.





Шотландиялык Энтони Куинн интернет аркылуу 120 сантиметрлик крокодилди сатып алып, аны 15 этаждагы үйүндө кармай албай тургандыгына көзү жетип, кайра сатууну чечет. Көчөлөргө кулактандыруу илип туруп, Куинн базарга барат. Кызыктуу жарыяга жаныбарларды коргоо уюму көңүл буруп, полицияга билдирет. Машинанын багажнигин ачкан полициячылар Кайман аралдарынан алынып келген жырткычты таап алышат. Адистер өтө агрессивдүү деп санашкан аллигатордун салмагы 7 жарым килограммга жетет.
Куинн кооптуу жаныбарды тийштүү шартсыз кармагандыгы үчүн күнөөлү деген айыпты мойнуна алды.




Америкалык дарыгерлер дүйнөдөгү эң кичинекей ымыркайлар жакында бейтпканадан чыгарылышат деп ишендиришти.
19-сентябрда мөөнөтүнөн мурун туулган эгиздердин биринин салмагы 244 грамм, сиңдисиники - 563 грамм эле болчу.
Бүгүн болсо Румаиса 1 килограмм 18 грамм, Хиба - 2,25 болуп калды.
Дарыгерлердин айтымында, кыздар эми инкубаторго муктаж эмес, алар башка балдардан айырмаланбайт.
Эгиздер 25 аптасында туулушкан. Төрөлөөрү менен экөөнө тең көздөрүнө лазердик операция жасалган.




Кошмо Штаттарында жандыктарды клондоого адистешкен бир фирма өзүнүн алгачкы продукциясын сатты. Компаниянын кардары, техастык бир аял былтыр өлгөн мышыгын клондоштуруу үчүн 50 миң доллар төлөдү.
“Кичинекей Ники өзүнүн генетикалык үлгүсүнө абдан окшошот”, - дейт мышыктын ээси. Чоң Ники сууну жакшы көрчү. Мышыктарга мүнөздүү эмес бул адат кичинекей Никиде да байкалат.
Фирмада иштеген окумуштуулар эмки айда биринчи ит клондолот деп болжолдошууда.
Америкада адамдарды клондооого тыюу салынганы менен жаныбарларды клондоого уруксат берилген. Жаныбарларды коргоо уюмдары көчөдө калган ит, мышыктар толуп жаткан кезде бул, этикалык жактан алганда, туура эмес деп эсептешет.
Илимий чөйрөдө да клондоштыруу тууралу бир пикир жок. Көпчүлүк илимпоздор клондор генетикалык мандемдер менен төрөлөт, алар ар кандай илдеттерге көбүрөөк чалдыгып, эрте карып, эрте өлүшөт деген теорияны карманышат.



Микеланжелонун эң белгилүү чыгармаларынын бири – Давиддин айкели жакында абадан жасалган конвертке оролот. Ошентип дүйнөлүк искусствонун шедеври чаң менен коррозиядан корголмокчу. 1504-жылдан 1873-жылга чейин айкел ачык асман алдында турчу. Андан кийин Флоренциядагы “Академия” галлереясына орнотулган. Жылына бир миллиондой турист Давидди көрүп кетет. Статуяны коргоо үчүн дагы бир нече жол сунуш этилип жатат. Мисалы, атайын килемдин жардамы менен туристтердин бут киймдеринен чаң, кир сүрүлүп турмакчы. Ал эми айкелди айнектин астына коюу варианты каралган жок.
Өткөн майда айкел реставрацияланды. Кээ бирлер муну менен анын көркөм баалуулугуна залака тийди деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG