Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

КЫРСЫК УЧУРУНДА КАСТАШКАН ТАРАПТАР ДОС БОЛОБУ?


Нарын Айып, Прага. Түштүк-Чыгыш Азияда декабрдын аягында болгон жер титирөө жана андан чыккан цунами Индонезия менен Шри Ланкага эң көп зыян тийгизди. Бул эки өлкөдө тең бийлик менен оппозиция ортосунда көп жылдардан бери куралдуу кагылышуулар уланып келет. Кырсык учурунда касташкан тараптар ортосундагы кагылышуулар убактылуу токтоду, бирок андан узак мөөнөттүү саясий жылыштар болоор-болбосу азарынча белгисиз.

1999-жылы удаасы менен Түркияда жана андан соң кошуна Грекияда жер титирөө болгондо, алардын өкмөттөрү бир-бирине кеңири өлчөмдө жардамдашып, эки өлкө ортосундагы чыңалуу бир кыйла жумшарган. Индонезиянын Суматра аралынан алыс эмес аймакта деңиз түбүндө 26-декабрда болгон жер титирөө жана андан чыккан толкундан азиялык бир нече өлкөдө бардыгы болуп 150 миңден ашык адам ажал тапты, алардын 94 миңден ашыгы Суматрадагы Ачей провинциясынын тургундары болуп чыкты. 30 миңден ашык адам Шри Ланка аралында өлдү.

Шри Ланканын түндүк-чыгышында тамилдер жашаган аймактарда отуз жылдан бери ич-ара согуш жүрүп жатат - "Тамил Илама" аттуу уюмдун "жолборстор" деп аталган согушкерлери эгемендүүлүк үчүн күрөшүп, өкмөттүк аскерлер менен салгылашууда. Индонезиянын Ачей провинциясында "Эркин Ачей" деп аталган кыймыл дагы отуз жылдан бери эгемендүүлүк үчүн күрөшүүдө жана 2003-жылы өкмөт бул аймакта "өзгөчө кырдаал" тартибин да киргизген.

Кырсык болоору менен Индонезиянын өкмөтү жана Ачей кыймылы ортосунда ок атышууну токтотуу тууралуу келишим түзүлдү. Жапа чеккен аймактарга эл аралык уюмдардын жардамын жеткирүүгө өкмөт мурда жарыяланган чектөөлөрдү алып салды. Бириккен Улуттардын гуманитардык жардам көрсөтүү иштери боюнча координатору Ян Эгелендин айтымында, мындай демилгени туура пайдаланса, тараптар андан узак мөөнөткө жете ала турган саясий пайда табышы мүмкүн: "Кырсык учурунда өлкөлөр ичинде дагы, эл аралык деңгээлде дагы эбегейсиз боорукердик менен тилектештик көрсөтүлдү жана ал ишеним арттыруу чарасы катары колдонулуп, бардык коомдорго узакка улана турган тынчтык алып келиши мүмкүн".

Нью-Йорк шаарында жайгашкан Эл аралык байланыштар боюнча кеңештин эксперти Дэвид Филипстин айтымында, касташкан тараптар ортосундагы мамилелер чындап эле оңолушу мүмкүн: "Өкмөт менен Ачей элинин жарандык коому ортосундагы кызматташуу жана кайра куруу иштери мындан ары күчөйт деп үмүттөнсө болот".

Анткен менен АКШнын Массачусетс штатындагы Тафт университетинин Укук жана дипломатия боюнча Флетчер институтунун эксперти Жезволд Салакюздун айтымында, пайда болгон мүмкүнчүлүк көпкө уланбайт, андан чыныгы пайда табыш үчүн чыныгы эрк менен чебердик керек: "Мындай мүмкүнчүлүк учурдун гана иши. Ал кокусунан ачылган терезеге окшош, бирок андан пайдаланам дегендер - терезе дайым ачык болуп турбасын да түшүнүүгө тийиш. Менин билишимче, андай учур ылдам эле өтүп кетет, жардам көрсөтүлүп, эл аны алгандан кийин, тилекке каршы, эски таарынычтар кайрадан үстөмдүк кыла баштайт".

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында 6-январда эл аралык жыйын болуп өтүп, анда дүйнө мамлекеттери жана эл аралык уюмдар жапа чеккен өлкөлөргө төрт миллиард доллар жардам көрсөтө турганы жарыяланды, анын ичинде Австралия менен Алмания өлкөлөрү өздөрү эле ар бири 700 милион доллардан ашык жардам берүүгө убада кылды.

XS
SM
MD
LG