Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ФЕЛИКС КУЛОВ: « МЕНИН ЭРКИМДИ ЭЧ НЕРСЕ СЫНДЫРА АЛБАЙТ!..»


“Ар-Намыс” партиясынын лидери, экс вице-президент Феликс Кулов жаңы жылды төртүнчү ирет түрмөдөн тосту. Кулов Чүй облусунун губернатору жана Улуттук коопсуздук кызматынын министри болуп турганда кызмат абалынан пайдаланган, мамлекеттин казнасына чоң өлчөмдө зыян алып келген деген айып менен соттолгон. Бирок, Кулов соттун мындай чечимдерин четке кагып, өзүн айыпсызмын деп эсептеп келет. Анын мындай дооматтары боюнча соттук тергөө жүргүзүлүп, жеп-ичти деген айыптарга далил табылбаганы айкындалган. Айрым саясатчылар болсо Куловду “саясый туткун” деп карашууда. Кулов өткөн парламенттик шайлоо учурунда камакка алынган. Кабарчыбыз Жаркын Суран кызы азыр ушул тапта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Феликс Кулов менен маек уюштурган . Назарыңыздарга белгилүү саясатчы, “Арнамыс” саясий партиясынын абакта олтурган лидери Феликс Кулов менен болгон маекти сунуш кылабыз.

- Феликс мырза , кечиресиз Кулов жетектеген “Арнамыс” партиясы бийликтин кайырмагында калды дешет. Андай пикирлердин жаралышына негиз барбы?..

-Биз ачык саясат жүргүзөбүз. Мен ачык айткам. Биз оппозициялык партиябыз. Ушундан эле баары түшүнүктүү.Бирок кээ бир маселелер болот. Элдин жашоо турмушун өзгөртө турган, мындай айтканда, элдин турмуш-жашоосун оңдоого багытталган өкмөттүк чечимдер болсо, аны эмнеге колдобошубуз керек эле?!.. Эгер биз сунуштаган нерселер аткарылса биз колдойбуз. Бул жагынан биздин мамилебиз албетте, конструктивдүү.

- Феликс мырза, эл арасында сизди Акаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон деген пикирлер арбын. Мисир Ашыркулов да Акаевдин ишенимдүү кишиси болуп чоң кызматтарда жүргөнү айтылууда. Бирок бийликтен кетип “Акыйкат шайлоо үчүн” деген бирикме түздү. Кезинде Ашыркулов сизди отургузган деп айтылып келет... Сиздин Ашыркулов түзгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” деген бирикмеге киргениңизге караганда мында кандайдыр бир “саясый оюндар” жокпу?

--Акаевди менин жакын адамым же жолдошум деп айткан ошол адамдын акыл-эси ордунда эмес деп эсептейм... Мен беш жылдан бери түрмөдө отурам. Акаевдин жакын адамы болсом, мен бул жерде отурбас элем. Бул акылга сыйбаган нерсе. Акаевдин жакын адамы мынчалык түрмөдө отурбайт. Ал эми Ашыркулов боюнча: мени ким отургузду, ким ушинтти бул мен үчүн башкы маселе эмес. Мен өзүмө душман издебейм. Мен кимдир бирөөгө ич күптүлүгүн кармаган же кекчил адам эмесмин. Бул дагы кандайдар олуттуу маанини бербейт. Маселе башка жакта. Убагында Ашыркулов түзгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” бирикмесин колдогонбуз. Ашыркуловду биз адегенде бийлик тарабынан жиберилди деп ойлогонбуз.Кантсе да тынччылык эң башкы маселе эмеспи.Бирок, көп узабай эле Ашыркулов отставкага кетти. Ошондон кийин эле бул “саясый оюн” деген пикирлер айтыла баштады. Айтып коюум керек, эл кызыкчылыгын жактаган кандай гана бирикме болбосун, биз колдошубуз керек. Саясый партиялардын максаты деле ушул. Бул жерде жалпы кызыкчылык болуш керек. Жалпы элдин кызыкчылыгы кайсыл бир адамдын кызыкчылыгынан жогору туруш керек эмес. Ошон үчүн элди биримдикке чакырган тарапты колдойм. Бир адамды колдогон чакырыкка эмес, элди бириктирген чакырыкка кошуламын.

- Феликс мырза, Мисир Ашыркулов менен болгон сиздин мамилеңиз эки ача ойду жаратып жатканын айтышууда, кээ бир саясатчылар. Анткени сиз “Алга, Кыргызстан” партиясы менен кызматташууга да даярбыз дегендей сөздөрдү айткан экенсиз? Ушул туурабы?

--Мен эч качан антип айткан эмесмин. Мен башкачараак айткамын. Эгерде Акаев кандайдыр бир демилге көтөрүп, биз каалаган саясатты жүргүзө баштаса, биздин идеяларды,-сунуштарды “Алга, Кыргызстан” колдой баштаса, биз мына ошол маселеде аларды колдомокпуз. Тактап айтканда, кээ бир маселелер боюнча колдоорубузду айтмакпыз. Бирок, биз жалпысынан бул партияны колдобойбуз. Анткени, бул партия жалпы элдин кызыкчылыгын коргобойт. Ал өлкөнүн бир ууч жетекчилигин колдойт. Ал эми алардын кызыкчылыктары элдин кызыкчылыгы менен дал келбейт. Биз бул партияны колдой албайбыз. Анын келечектүү эмес экенин көрүп турабыз. Бул партия эч кандай жаңы нерсе алып келбейт. Анткени, азыркы иштеп жаткан жетекчилик эч кандай жаңы нерсе алып келген жери жок. Ошондуктан бул партияга оппозициядабыз. Дагы бир жолу белгилеп кетейин. Эгерде “Алга, Кыргызстан” партиясы элдин жыргалчылыгы үчүн бирдеме жасаса эмне үчүн аны колдобойт экенбиз. Мисалы мыкты мыйзам долбоорлорду же башка бир жаңылыктарды алып келсе биз аны колдойбуз.

-Феликс мырза сиз 2001-жылкы парламенттик шайлоодо камакка алындыңыз эле. Мындай сөз бар сыртта:”Кулов 2000-жылы Текебаев президенттикке ат салышканда штаб жетекчиси болгон экенсиз? Бирок, 95-2000-жылдары Аскар Акаев бурмалоо жолу менен президент болуп жатса да, сиз Акаевди куттуктап, “кечиресиз кызматташууга даярмын” деп айткан дешет. Муну кандай түшүнсө болот?

-Текебаев президенттик шайлоого катышып жатканда мен эркиндикте элем. Биз акыркы шайлоодо президентти куттуктаганыбыз жок. Биз мурдагы шайлоодо куттуктаганбыз. Текебаев экөөбүз шайлоого өнөктөш катары кирген элек.. Ошол бурмалоо жол менен шайлоонун өткөрүлгөнүнө карабастан. Текебаев шайлоодо жогорку добушту алып, Акаевден кийинки орунду ээлеген . Ал эми биз экөөбүз мындай макулдашкан элек. Эгерде Текебаев президент болуп калса анда мен өкмөт башчылыгына бармакмын. Ошол мезгилде башкача кырдаал түзүлүп, мага кылмыш иши козголду. Ал айрым кыйынчылыктарды жаратпай койгон жок. Менин оюмча биз туура саясатты алып барган экенбиз. Себеби түндүк-түштүк ортосунда ажырым жок катары эсептелген. Аны менен биз өнөктөш катары өкмөттөгү стабилдүүлүктү далилдегибиз келген. Акаевди биз эмне үчүн ошол кезде куттуктадык. Себеби кандайдыр бир өзгөчө кызматтык этикет бар болчу. Ал сыпайыкерликтин этикети эле. Ошол үчүн шайлоо бурмалоо жолу менен жыйынтыкталса да, биз элди көтөрүп чыкпайбыз, элдин тынччылыгы керек деп Акаевди куттуктаганыбыз чын. Куттуктаганыбыздын маңызы элдин толкундоосун жайгаруу болгон . Мындан башка бизде эч кандай кызыкчылык болгон эмес.

- Феликс мырза сизге жолдой турган кийинки суроом мындай. Сиз ушул күндөрү түрмөдө отурсаңыз да кыргыздын белгилүү уулу, мамлекеттик жогорку бийликке татыктуу адамдардын бири катары айтылып келесиз. Түрмөдө отурсаңыз да саясый майданда чоң ордуңуз бар экенин бир катар саясатчылар айтышат. Мына оппозициялык партиянын тогузу бирикти. Алар президенттикке бир гана адамды сүрөйбүз деп чыгышты. Курманбек Бакиев боюнча сиздин пикириңизди уксак?

-Курманбек Бакиев тарабынан уюштурулган “Кыргызстан элдик кыймылына” кирүү боюнча бизде алдын-ала сүйлөшүүлөр жүргөн.Биз өз оюбузду кескин билдиргенбиз. “Арнамыс” биригүүгө даярбыз. Бирок, кандайдыр бир аракеттин өзгөчө тактикасы бар. Азыркы учурда өздөрүнүн духу жагынан жакын коммунисттер, радикал демократтар, бир жагынан солчул-оңчулдар да, орточул позицияда тургандар Курманбек Бакиевдин тегерегине баш кошууда. Бирок, биз өз оюбузду төмөндөгүчө билдиргенбиз. Биздин кыймыл бардык биригүүнү колдойт деп айтып жатпайымбы.Бирок, бир кыймылды эмес, кайсыл бир адамды колдоп жатасыңар деп бизге кине койбош үчүн, алардын саясый-экономикалык жана идеологиялык программалары менен таанышып чыккандан кийин гана биригүү жөнүндө сөз болууга тийиш. Ушул себептүү Бакиевдин программасын билүү, биз үчүн биригүүгө жол ачып бермек. Биз эч качан Бакиевди көңүлдөн сырткары калтырбайбыз. Эртең эле бизден сурашы мүмкүн. Сиздер кыймылды эмес бир адамды колдогонсуңар деп.Эгерде анын платформасы биздин принцибибизге туура келсе аны колдоого даярбыз. Бирок, бизден Бакиевдин программасын кимдир бирөө сурап калса аны биз билбейбиз деп жооп берсек эмне болот? Бакиевди жакшы киши катары билебиз дегенибиз жетишсиздик кылат. Саясатчылар эч качан кайсыл бир топко көзүн жуумуп алып катыша бербеш керек. Ошол себептен биз айткыбыз келет. Бакиевби же башкасыбы сиздерге каршы эмеспиз. Эгерде сиздер өз аракетиңиздерди жүргүзө турган саясатыңар менен тастыктай алсаңыздар колдойбуз деп айткым келет. Азыркы күндө бул маселелерди чечүүгө дагы убакыт бар.

- Феликс мырза, сизге мындай суроо жолдоюн деп турам. Сиз бери дегенде тогуз жыл Акаевдин камчысын чапкан кишилердин катарында турасыз. Акаев сиздин колуңуз менен көп иштерди жасады дешет. Анткени сиз ал киши жетектеген мамлекетте тогуз жыл кызмат кылып, “Канат” деген аталыштагы кандайдыр бир долбоор түзүлүп, анын алкагында самолеттон баштап курал-жарак, автомат окторго чейин сатылган экен. Аны сизди саткан деген маалыматтар болгон. Акаевдин сизди күнөөлөгөн да сөзү болгон экен? Ушул суроого жооп берсеңиз?

- Мен анда вице - президент болчумун. Ошол кезде;” аскерий техникалар жөн эле турат, аларды сатыш керек же башка бир жакка пайдалануу керек” -- деп, мага аскер адамдары кайрылышты. Мен аскер тармагын тейлеген адам катары “Канат” деген аталыштагы долбоорду түзүүгө макулдук бердим. Ал долбоордун максаты кайсы техника эскиргендигин, кайсынысы эски экендигин аныктап. кереги жокторун сатуу жагын иликтөө болчу. Анын негизинде кереги жокторун сатып, андан түшкөн акчага аскер кызматкерлери үчүн үй салууга жумшоону такташмак. Бирок, ошол мен кол койгон долбоордо бардык маселелер өкмөттүн макулдугу менен чечилет деп жазылган болчу. Башкача айтканда, мен кол койгон ишкер долбоор сөзсүз өкмөт аркылуу гана ишке ашары так жазылган. Бул сунуштар президент Аскар Акаев менен маакулдашылгандан соң коргоо министри чечкенден кийин аны өкмөт кандай учурда болбосун жоопкерчилигине алып, бекитет деп айткамын. Мындай ишкер долбоор КМШ мамлекеттеринин баарында ар кандай аталыштар менен түзүлгөн эле. Эмне үчүн дегенде анча деле чоң эмес биздин армияга караштуу самолеттор эски.Анын үстүнө учкучтар да жетишпейт болчу. Жаңылап ондоо үчүн тетиктер керек. Самолетко керектелген тетиктер жок болгондуктан, сатып жиберүү оңтойлуурак болгонсуду .Анын себеп жайларын иликтеп, тастыктап чечкенбиз... Бирок бир дагы сатылган фактыга менин тиешем жок, бардыгы өкмөттүн уруксаты менен сатылган. Кийин анын баары айкын болуп отурбайбы. Мени, “Кулов аскердик техникаларды сатуу үчүн долбоор түзүп, оңду-солду сатып жибериптир” деген ар кандай сөздөр чыкты, басылмаларда басылып кеткенден кийин мен ал аскердик техникалар кандай жол менен кимдин колу менен сатылгандыгы тууралуу расмий түрдө республикалык Башкы прокуратура атайын арыз менен кайрылып, кылмыш иш ачылып текшерүү жүргүзүлсүн деп талап кылгамын.. Эгер мен бир ок саткан болсом, анда өмүр бою түрмөгө отурганга даярмын дегем. Билесиңерби эң кызыгы кылмыш иш козголгон жок. Эгерде мен бир ок саткан болгонумда үстүмдөн иш козголуп, мени 25 жыл мөөнөткө түрмөгө салмак. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот, аскердик техникалардын сатылышына менин тиешем барбы?.

- Феликс мырза, мынтип сурап жатканыбыздын себеби сиз мына 2001-жылдан бери түрмөдө отурасыз. Сиз кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана мамлекеттин казнасына чоң өлчөмдө зыян алып келген деген кине менен соттолдуңуз. Мына абакта отурганыңызга төрт жылдын жүзү болуп калды. Өзүңүздү күнөөкөр эмесмин деп сот чечимин четке кагып келесиз. Кандай дейсиз аскердик техникалар мамлекеттин башчысынын уруксатысыз сатылбайт делет. Бирок, сиз ушул кезге чейин Акаевдин эч кандай кемчиликтерин ачык айтпаганыңыздан Ашыркулов, Курманбек Бакиев, Куловдордун бүгүн бийликке оппозиция болгонуна таң калган суроолор бар. Буга ачык жана так жооп берсеңиз жакшы болот эле?

-- Ал кезде мен вице - президент болуп тургамын. Акаев аскерий техникаларды сатууга катышкан деп айта албайм. Бул биринчиден. Экинчиден сатылган техникалардын баасы миллард доллар турбайт эле. Биздин аскердик техникалардын эскилиги жеткен деп айтып жатпайымбы. Ошондон мындай сөзгө макул эмеспин. Дагы бир нерсени айта кетейин. Курманбек Бакиевди Акаев көтөрүп, чоң кызматтарга жеткирген. Эми ал дагы башкалар сыяктуу оппозиция болуп, Кулов да ошондой деген пикирлерге жооп айткым келет.Чын, мен чоң кызматтарда иштедим. Ал мезгилде эч кандай мага кылмыш иш ачылып, андай мындай болгон жок. Кызматтан мен өз каалоом менен кеттим. Кетип жатканымдын себебин арызымда ачык жаздым. Мен президенттин айланасындагы адамдар жүргүзүп жаткан саясатка макул эмесмин. Абалды курчутуп, кошоматчылар Акаевдин беделин көтөрүп көрсөтүшүп, авторитаризмди күчөтүп жатышат. Менин кетишиме мына ушул жагдайлар себеп болду.

- Феликс мырза , жогорку кызматтарда иштеген жетекчи катары сизге мындай суроо берейин дейм. Мына менчиктештирүү демекчи энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча ызы-чуу чыгып, азырынча чечилбей турат. Сиздин оюңузча, менчиктештирүү элге эмне берет? Эгерде энергетика да менчиктештирилип кетсе кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн?

--Мен энергетика тармагын менчиктештирүүгө макул эмесмин. Энергетика тармагын атайлап кризистик кырдаалга алып келүү менен арзан баага сатып алып кийин өздөрүнүн шарттарын таңуулоого жол ачканы жатышат. Биз, электр энергиянын коммерциялык эмес жоготууларын жөнгө салуу үчүн бир нече жолдорду сунуштаганбыз. Акыркы кездерде электр энергиядагы жоготуулар 40 пайызга чейин жеткен. Эгерде, биз, бул жоготууларды кескин кыскартсак ,энергетика тармагындагы жасалма кризиске бөгөт коер элек. Эмне үчүн бул жолго баруубуз керек?... Бизде электр энергияны өндүрүү текейден арзан. Ошол себептүү биз да Түркмөнстандын жолуна түшүү менен өзүбүздүн элге электр энергиясын минималдуу баада сатууга болор эле. Ошол эле учурда ар бир электр энергиясын пайдаланган адам сөзсүз электр акысын төлөөнү айныксыз эреже катары кабыл алуусу шарт. Бизде энергия керектөөчүлөрдүн электр акысын төлөбөгөндүгүнөн улам бүтүндөй бир энерго система кризиске келип такалды. Аны өз убагында төлөгөнүбүздө башкалардын чөнтөгүн да мынчалык какшытпайт элек. Менин сөзүмдү ар бир радио угарман же гезит окурман ырастайт болуу керек. Электр акысын чогулткан текшерүүчүлөр болбогон акчага керектелген энергиянын көлөмүн азайтып бере салат. Бул тек гана бир текшерүүчүнүн иши дейли. Ал эми өлкөдө канча текшерүүчү бар. Алардын бары ушул жол менен акы чогулта турган болсо, эртең эле улуттук энергетика байлыгыбыздан кур жалак калабыз. Эгер мамлекет өзүнүн электр стратегиясын сактай албаса, аны бир адамдын менчигине өткөрүп берсе ушундай мамлекеттин кимге кереги бар?!.. Мамлекеттин менчиктештирүүгө таптакыр жатпаган маанилүү тармактары бар. Анын көч башында ушул электр системасы турат. Электр тармагы улуттук стратегиялык байлык катары эсептелет. Менин оюмча бул тармак эч качан менчиктештирүүгө берилбеши керек.

- Сокулук райондук соттун чечимин күчүндө калтырган Жогорку сот чечимин чыгарды. Эми качанга чейин отурасыз. Сиздин ачыкка чыгуу мөөнөтүнүз келсе да, кармалып турганыңызга кандай карайсыз?. Саясатта Кулов жеңилди деп айтса болобу?

- Адегенде соттун чечими жөнүндө айтайын. Сиз билесизби! Мени он жылга кескен жок. Он бир жылдан көпкө кесишти. Кантип ушундай болуп калды? Биринчи жолу мени аскердик соттун чечими менен камашты. Андан кийин башка иш таап чыгышты. Ошолордун негизинде жети жыл болчу. Эки ишти кошуп туруп тогуз жыл дешти. Анан он жыл деп салышты. Мейли бул иш кандай болгонун чечмелеп отурбайын. Кажети да жок. Алар отурган мөөнөтүмдү экинчи иш боюнча санай башташты. Мен айттым: “ экинчи иш мурда болгон эле го” дедим. Алар отурган күнүмдөн баштап санабай коюшту. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 1993-жылы кабыл алган токтому бар. Анда жазылган мындай кырдаалда биринчи жолу жети жыл, анан тогуз жыл, он жыл берген учурда жаза өтөө мөөнөтү биринчи иш боюнча камакка алынгандан тарта эсептеле баштайт. Алар болсо өздөрүнүн мына ушул токтомуна түкүрүп таштап, менин камакта отурган күндөрүмдү экинчи иштен тартып санай башташты. Эмне үчүн алар бул ишке барышты?.. . Судьялар өздөрү буга бармак беле. Жок бармак эмес!.. .Аларга кимдир бирөө буйрук бергендиктен улам ошондой ишке барышты. Ким буйрук бергенин эл билет деп ойлойм. Менин түрмөдөн чыкканыма каршы болгондор менден корккондор деп ойлойм. Менден корккондон кийин, демек, алар мени урматташат деп түшүнөм.Бул мага жагымдуу. Мен эмне демек элем. Менин түрмөдө отурганымдын оң жагы да бар. Мен бул жерде отурган кезде, алар башка оппозиционерди камакка алгандан чочулашат. Мүмкүн ушул үчүн да отура турушум керектир. Бул биринчиси. Экинчиси абакта отурган бир адамга келген жакындары айтат:”Куловдун ушунча убакытка чейин түрмөдө отуруп калганына капамын. Бирок Кулов канчалык абакта көп отурса Акаевге ошончолук жакшы” деп антип айтып жатканынын себебин мынтип түшүндүрдү.”Эгерде Акаев Куловду бошотуп жиберсе, Акаев жакшы үчүн бошотту дешмек. Эми болсо майда адам экен, Куловду камап отурат”деп, бул Акаев үчүн терс пикир. Албетте бул жөнөкөй адамдардын ою дечи. Мындай сөзүнө жылмайып койдум. Ошондон айтарым менин бул жерде отургандыгым Акаев үчүн минус эмес.Бирок карапайым адамдардын ушинтип айтканы мен үчүн кызыктуу болду. Чындыгын айтканда Акаевге менин мамилем мындай. Бул жөнүндө бир нече жолу айткамын. Акаевдин абалы мага караганда да өтө аянычтуу сезилет. Ушунча жыл мамлекетти башкарып туруп, мамлекет үчүн эч нерсе жасай алган жок. Мындай адамды аяш гана керек. Жетекчи катары да аяп кетем. Бул адам элдин эсинде мамлекетти прогресске алып келген жетекчи катары калбайт. Азыр кагаз жүзүндө баары жакшы деп көрсөтүп жатат. Эртең бийлик алмашса баары жалган болуп чыгат. Авторитардык режимдерде саясый оппоненттерди камоо кадыресе көрүнүш. Эмне үчүн башкаларды камабайт деп элдер өздөрү суроо коюп, өздөрү жооп берсе: “анткени сиз бийликке коркунучтуусуз”.Ошентип карапайым адамдар өздөрүн жубатууга аракеттенет. Бирок, мен ачык айтып коеюн. Мен такыр саясый күрөштөн жеңилгеним жок. Майышканым да жок. Сынганым да жок. Буюрса баары алдыда. Менин ак экендигим, бул өткөн күндөрүмдүн жакшылыгын кайрып берет деп тилегим бар. Адам баарына көнөт.Мен азыр өзүмдүн жакын досторум, балдарым үчүн жашап жатам. Мен абактан чыкканымда башымды бийик көтөрүп чыгам. Анткени мен эч нерсе уурдабаганымды бардыгы билишет. “Азаттыктан” кээде Кулов жөнүндө берүү болгондо Жанузаковдун:”Кулов коррупционер эмей эмне, үй куруу үчүн чыгымдалган каражатты жеп алган” деген сөзүн берип калат. Ошого жооп айтып коеюн. Жанузаков соттук иштерди билбейт. Мага коюлган күнөө кандай эле? Мен Бишкек шаарынын мэри болуп турганда мамлекеттин эсебинен 17 миллион сомго үй курулган. Бирок бүтпөй калды. Андан кийин бул үйлөрдү 17 миллион чыгаша кетирген үйлөрдү 200 миң сомго сатылган.Сатып алган адам 200 миң сомду төлөгөн жок. Ал болгону 90 миң гана сом төлөдү. Документтерди да жакшылап жасаган эмес. Ал үйлөр ушул кезге чейин мэриянын карамагында турат. Прокуратура бул ишти иликтеп, аныктап чыккан. Ал үйлөрдү бизди кайра алгыла деп сунуштаган эле. Мен аны аткарыш үчүн атайын комиссия түзүп, мыкты юристтерди таап,ошол комиссиянын чечими менен үйлөрдү кайра алдык. Андан көп өтпөй конституциялык сот жеке менчик ээсинин укугун бузду деп менин чечимимди жокко чыгарган. Кийинчерээк болсо прокуратура мени ошол кишиге кызмат абалынан пайдаланып, 15 миллион сом зыян алып келди деп чыкты. Бул жерден мени кылмышкер деп эсептеп чыкты. Туура эмес менчиктештирилген немени мамлекетке кайтарганым үчүн түрмөдө отурам бир сөз менен айтканда.

- Феликс мырза! Мына алдыда парламенттик шайлоо өнөктүгү болгону турат.Адилеттүү шайлоо үчүн деп Акаев шайлоо кодексине өзгөртүүлөдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Муну адилет шайлоого өткөрүүгө жасалып жаткан аракет деп билдирип жатат. Мындан эмнени түшүнсө болот. 2005-жылдагы шайлоолор акыйкаттуу, таза өтөт деп ишенсе болобу?

--Таза шайлоо болбойт.Эмне үчүн? Муну биздин жетекчилердин сүйлөгөн сөзүнөн эле билип койсо болот. Алар ачык эле айтышты.” Оппозициядагылар таза шайлоого ишенбейт” деп алар “ мандалак революция” болот деп коркуп атышат. Эгерде таза, акыйкаттуу шайлоолор болсо, анда эмнеден коркушат?!..

- Феликс мырза Кыргызстанда Украинадагыдай окуялар кайталанышы мүмкүнбү?

--Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып өтсө да Украинадагыдай окуя болот. Болбосо да “кыргызча варианты” менен болот. Бизде ал боюнча тажрыйба бар. Мына Кара-Буура тынчтык жолу менен саясый акцияга чыгышты. Аксы демекчи. Биз бул ишти Украинадан мурда баштаганбыз. Кара-Буура, Аксы окуялары республикалык масштабда кайталанышы мүмкүн. Анда эл зордук-зомбулук кылган эмес. Аксы окуясында элди милиция аткан. Ошондуктан кимдир бирөөлөрдүн каны төгүлгөн десе, элдин каны төгүлгөн. Бийлик өкүлүнүн эмес, элдин каны төгүлгөн. Грузия, Украина революцияларындай Кара-Буура, Аксыда тынчы революция болгон эмес.

- Феликс мырза! “Элим үчүн элим менен” деген фонд Аскар Акаевди референдум жолу менен калсын деген демилге көтөрүп чыкпадыбы.Сиз саясатчы катары кандай өңүттө карайсыз?

--Мен ойлойм мындай кадамга барбайт деп. Ал акылдуу киши. Бирок өзүнүн мураскорун тандап алып, күч менен өткөрүүгө аракет кылат. Же болбосо ал өлкөдө башаламандыкты түзүп, оппозициянын же башка бирөөнүн келишине жол бербейт менимче. Кыргызстанда жалпы саясый кырдаал ушул эки нукта өнүгүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG