Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

ОТУНБАЕВАНЫ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР КАТАРЫ КАТТАБАЙ КОЮУНУН ЧЫНЫГЫ СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


7-январда Жогорку Кеңештин имаратында “Атажурт” жана Кыргызстан элдик кыймылынын бир катар лидерлери маалымат жыйынын өткөрүп, анда №1 Университет шайлоо округунун комиссиясынын кечээ түнгө маал чукул чакырылган отурумунун чечимин оппозициячыл саясатчыга каршы багытталган саясий чечим деп баалашты. 6-январда саат 23:00тө Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы чукул жыйын куруп, андан беш сааттай мурдараак кабыл алган өз чечимин жокко чыгарган. Алгачкы чечими менен бул шайлоо комиссиясы оппозициячыл “Атажурт” кыймылынын теңтөрагасы, мурдагы тышкы иштер министри жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаеваны №1 Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер деп каттаган эле.

“Азаттыктан” мурда кабарлангандай, №1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы 6-январда кечки саат он бирде чукул жыйын өткөрүп, ошол эле күнү беш саат мурун кабыл алган чечимин жокко чыгарган. Бейшемби күнү кечинде, саал мурдараак, округдук шайлоо комиссиясы “Атажурт” кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеваны Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттап, колуна каттоо күбөлүгүн тапшырган эле.

(Сүрөттө: Роза Отунбаева айымга талапкер катары күбөлүктү расмий түрдө тапшыруу аземинен бир көрүнүш. Сүрөт “Res Publica” эркин гезитинен алынды).

7-январдагы маалымат жыйынына катышкан Роза Отунбаева округдук шайлоо комиссиясынын соңку чечимин мындайча баалады:

- Менин оюмча, бул атайын буйрук менен жасалган саясий иш болду. Бирок биз андан коркуп калбашыбыз керек. Бизде Конституция, мыйзамдар бар. Ошонун негизинде аракеттенүүбүз керек. Бийлик бардык жерде алмашат. Хандыкта да хандын өлүмү менен бийлик алмашат. Биз мындай шартта мыйзам чегинде аракет кылабыз. Бизде юристтер бар, тийиштүү чараларды көрөбүз.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров да чөлкөмдүк шайлоо комиссиясынын соңку чечимин сынга алды:

- Бул - саясий буйрук. Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунан кимдин бараары белгилүү. Бардык жерде даярдыктар көрүлүүдө. Ал боюнча студенттер ачык айтып, кайрылып жатышат. Ал жерден Бермет Акаеванын бараары жөнүндө айтылууда. “Ханзаада” бара турган болсо - анын жолун тазалап, суу сээп, шыпырып, тегиздеп коюш керек. Анын алдынан эч ким кесип өтпөш керек. Ал эми Роза Отунбаева - ошол жолду кесип өтүүчү кыздарыбыздын бири. Ошондуктан Роза Исаковнанын талапкерлиги алынып салынды. Бул - мыйзамсыз, нагыз саясий чечим.

Округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн кандай аракеттер жасалаары тууралуу Роза Отунбаеванын юристи Нурлан Садыков буларды билдирди:

- Азыркы кезде мурдагы жана учурда иштеп жаткан дипломаттардын шайлоо укугун коргоо максатында Конституциялык сотко арыз даярдалып жатат. Мен биздин дипломаттардын шайлоого катыша албасын акылга сыйгыс жорук (абсурд) деп эсептеймин.

7-январь - дем алыш күн болгонуна байланыштуу расмий бийлик өкүлдөрү №1 Университет шайлоо округундагы кырдаал боюнча эч кандай маалымат берген жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин телефондору өчүк болду.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев дем алыш күнгө байланыштуу бул маселеге карата жооп бере турган тийиштүү жетекчилердин өз кеңсесинде жоктугун "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.

№1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким болсо 6-январдагы алгачкы чечимди кайра жокко чыгаруунун себебин мындайча түшүндүргөн эле:

- 18-берененин 7-бөлүгүнүн талабына ылайык, талапкерди каттоо, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат. Беш саат мурун болгон жыйында “талапкер Роза Отунбаева катталсын” деп, шайлоо комиссиясынын 7 гана мүчөсү добуш берген. Ошондуктан ал чечимибиз ката болуп калган. Эми кайра башка чечим кабыл алуу үчүн чукул жыйын чакырдык .

Бирок шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн түн жамынтып кайра чогултууга, беш саат мурун кабыл алган чечимди шашылыш түрдө жокко чыгарууга эмне мажбур кылды? Роза Отунбаеваны Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары каттабай коюунун кандай чыныгы себеби бар?

Оппозиция өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун ушул жана башка суроолору азырынча жоопсуз бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG