Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Мамлекет башчынын сынына айрым депутаттар макул эмес


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны аткаруу бийлиги тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келе турган болсо, эч тоскоолдуксуз кабыл алат. Ал эми Кыргызстандын коңшулаш Өзбекстан, Казакстан менен болгон мамилелери Жогорку Кеңештин аракетинен эмес, мамлекет башчы Аскар Акаевдин соңку он жылдан бери жүргүзгөн тышкы саясатынын туруксуздугунан улам начарлоодо. Мындай пикирин 7-январда «Азаттыктын» кабарчысына Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Адахан Мадумаров билдирди. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын дагы бир депутаты Өмүрбек Текебаев «соңку мезгилдери Аскар Акаев келээрки парламенттик шайлоонун алдында коркконго кош көрүнүп, оппозиция өкүлдөрүн негизсиз эле жамандап дүрбөлөңгө түшүүдө» деген оюн билдирди. Эскерте кетүүчү нерсе, Аскар Акаев 6-январда Бишкекте өткөн жыйында Мыйзам чыгаруу жыйыны соңку эки жылда реформаларды өткөрүүгө тоскоолдук жасоодо жана палатанын айрым кадамдарынан улам Казакстан, Өзбекстан менен болгон мамилебиз начардоодо деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG