Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Экс-министрдин талапкер болбой калышына саясатчылардын пикири ар кыл


БИШКЕК. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ишенбай Абдуразаков «Ата журт» кыймылынын жетекчисинин бири Роза Отунбаеваны талапкерликке каттабай, анын депутат болуусуна атайылап бут тосулуп жатат дегенге негиз бар деп билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, буга экс-элчилердин айланасында башталган чуу менен округдук комиссиянын 6-январдагы чечими негиз берет. Абдуразаковдун билдирүүсү боюнча, эл аралык норма менен акыл –эске сыйбаган мындай жүрүштөр өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутушу толук мүмкүн. «Менин өлкөм» саясий партиясынын координатору Галина Куликова да комиссия мурунку чечимин бир нече сааттан кийин кайра жокко чыгаруусун саясий чагымдын башталышы деп баалоого болот дедеди. Ал эми бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева комиссия мыйзам чегинде чечим кабыл алды деп билдирип, адегенде мыйзамга каршы чечимге барган округдук комиссия жаза алуусу керек экендигин кошумчалады. Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясы менен президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү 7-январь майрам күн экендигине байланыштуу окуя боюнча эч ким маалымат бере албасын билдиришти.

XS
SM
MD
LG