Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Оппозиция өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Бишкектеги №1 Университет шайлоо округундагы шайлоо комиссиясы оппозиция өкүлү Роза Отунбаеваны келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу 6-январда кечинде чечим чыгарган.Ошол эле күнү түнкү саат он экилерде комиссия шашылыш жыйын өткөрүп кайрадан мурдагы чечимин жокко чыгарат. Бул жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнөн улам кабыл алынган саясий чечим деп бааланууда. Мындай пикирин 7-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында оппозициячыл маандайдагы «Атажурт», Кыргызстан Элдик кыймылынын жетекчилери билдирди. Алардын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык шайлоо комиссиясы өзү кабыл алган чечимин өзү кайра жокко чыгара албайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG