Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

БИШКЕКТЕ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 7-январда Бишкек шаарындагы Улуттук университеттин алдында нааразылык акция өттү. Ага катышкан пикетчилер №1 Университет шайлоо округдук комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, оппозициячыл “Атажурт” кыймылынын жетекчилеринин бири Роза Отунбаеваны шайлоого катышууга укугу жок деген чечимине нааразылык билдирди.

Борбор калаадагы Улуттук университеттин алдында түштөн кийин саат 4.30да башталган нааразылык акцияга «Атажурт», Кыргызстан патриоттук кыймылынын, «Ашар» коомдук бирикмесинин, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү катышты. Пикетчилер “Элчилер шайлоодон четтетилбесин!”, “№1 Университет округдук шайлоо комиссиясы чечимин өзгөртсүн!”, “Роза Отунбаева – депутаттыкка татыктуу талапкер!”, “Мыйзамды бузган округдук комиссия кызматтан кетсин!” деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

«Ашар» коомдук бирикмесинин өкүлү Айтбүбү Эсепшева нааразылык акцияга чыккандыгын мындайча түшүндүрдү:

«Биздин бул пикетке келгендигибиздин себеби эгерде ушундай кыргыз эли үчүн кызмат өтөп келген адамдарыбыз шайлоого барбаса, анда ким бара алат? Деги эле, шайлоочулар өздөрү каалаган адамды шайлай алабы? Кеп мына ушунда болуп жатат».

Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Эми бийликтин кысымы менен округдук шайлоо комиссиясы ушундай чечимин чыгарды. Анткени, элге таанымал, элге кызмат кылган Роза Отунбаеваны биздин угушубузча, ушул округдан талапкерлигин коюуга даярданып жаткан Бермет Акаева эч качан жеңе албайт. Бийликтин албетте, буга көзү жетти».


Пикетке катышкан жаштардын өкүлдөрү Бурул Сманалиева өзүнүн нааразылыгы тууралуу:

«Менин пикиримде, чет өлкөдө Кыргызстандын элчиси болуп, өзүнүн эли, мекени үчүн кызмат кылган адамдын укуктарын бузуу биринчиден, анын эмгегин баалабагандык, экинчиден, мыйзамдарды, демократиялык принциптерди бузуу. Ошондуктан, мен өзүмдүн атуулдук позициямды билдирип, ушул пикетке келдим», - дейт Бурул Сманалиева.

Ал эми Бишкектин тургуну, 22 жаштагы Алмаз Курманов болсо:

«Мен Роза Отунбаеванын талапкерлиги боюнча ушул Университет округдук комиссиясынын мыйзамсыз чечимине байланыштуу пикетке келдим. Анткени, мындай саясатчыларды биз өзүбүз колдобосок болбойт. Биз жаштар, өзүбүздүн келечегибизди ойлонушубуз керек», - деген оюн айтты Алмаз Курманов.

Пикет башталганына жарым саат болгондон кийин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн 15ке жакын милиция кызматкерлери келишти. Аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Мехман Алиев пикетке байланыштуу:

«Мыйзамга ылайык, ар бир атуул пикетке чыгуу аркылуу өзүнүн ой-пикирин билдирүүгө укуктуу», -деди Мехман Алиев.

Андан соң, пикет болгон жерге Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары, «Атажурт» кыймылынын жетекчилиги жана башка саясий, коомдук ишмерлер да келишти. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Анвар Артыков №1 Университет шайлооо округдук комиссиясынын Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкерликке катышууга уруксат бербегендиги боюнча мындай пикирин ортого салды:

«Менин пикиримде, округдук шайлоо комиссиясынын чечиминде юридикалык маселе жок. Бул жерде саясий гана себеп бар. Эми өлкөнүн элчиси болуп, эң татыктуу, билимдүү адамдар барат да. Алардын атуулдук укуктарын чектөө менимче, мыйзам бузууга жатат», - деди Анвар Артыков.

Кыргызстандагы айрым саясий партиялардын өкүлдөрү бул күнкүдөй нааразылык акцияларды уюштуруунун негизи жок деген пикирлерин айтышууда. Бул тууралуу «Жаңы күч» партиясынын төрайымы Токон Шайлиева:

Эми округдук шайлоо комиссиясы жөн жерден эле мындай чечимди чыгарып койгон жок да. Ал да мыйзамдын негизинде иштейт. Роза Отунбаева чынында эле, көп жылдар бою чет өлкөдө, Америкада, ООНдо жүрбөдүбү. Мындай пикеттерди уюштуруунун кереги жок», - деген оюн билдирди Токон Шайлиева.

Ал эми Кыргызстан Элдик патриоттук кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун нааразылык акциянын уюштурулгандыгынын себеби жөнүндө:

«Бийлик муну менен шайлоо алдындагы куугунтугун баштады. Бул биринчи кадам. Буга окшош мыйзам бузууларга бийлик мындан ары да барат. Ошондуктан, буга жол бербөө үчүн, биз бүгүн пикетке чыктык. Антпесе, бийлик мындай кадамдарын улантат»,- деди Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG