Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

АСКАР АКАЕВДЕ ҮМҮТТҮН ШООЛАСЫ ӨЧӨ ЭЛЕКПИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргыз журтчулугунда өлкөдөгү азыркы саясий жараяндардан улам Аскар Акаевдин бийликтен кетчү түрү жок деген божомол айтылууда. Бирок, мамлекет башчысы Кыргызстанда бийлик алмашуу конституциялык нормаларга ылайык болот деп эл аралык коомчулук астында айткан убадасына турат деген ишеним да бар. Ал эми Кыргызстан элдик патриоттук кыймылы Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоону кайрадан жандандырды.

Аскар Акаев кызматтан кетишин талап кылгандардын тизмесине Бишкектен 17 миң адам кол койуптур. Кыргызстан элдик патриоттук кыймылы мындай кол топтоо акциясын эми дубандарда улантарын билдирип жатат. Бул саясий кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акундун айтымында, башкалаада кол топтоо көчөлөрдө болуп жаткан, бирок тартип коргоо органдары тараптан тоскоолдуктарынан улам эми башкача жолго өтүштү. Азыр саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана ар кыл ишканаларга кирип, айрым учурда үйлөрдү тыкылдатып бул акциянын мүдөөлөрүн түшүндүрүп каалоочуларга кол койдуруп жатышат.
Мындай акциянын башаты «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» саясий кыймылына барып такалат. Аксы окуясы боюнча айыптуулар жазаланбаганын башкы себеп катары негиздеп дал ушул кыймыл мамлекет башчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабы менен чыккан болчу. Турсунбек Акундун айтымында, аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн көбү учурда шайлоого даярдык менен алектенип жүргөндүктөн Аскар Акаев бийликтен кетсин деген турумдан тайбаганыбызды билгизүү менен кол топтоону улантып жатышат.
Анын пикиринде, азыркы саясий кырдаалга баам салып отуруп Аскар Акаев кийинки мөөнөткө барбайт деген ишеним солгундап баратат:

-Балким, Аскар Акаев өзү кетем деген убадасына турушу ыктымал. Анда ал парламент аркылуу өз мураскерин калтырганга аракет кылат. Бирок, Аскар Акаевдин жанындагылар, аялы болобу, жанжөкөрлөрү болобу, аны бийликте калтырганга аракет кылышы ыктымал. Анда парламент аркылуу референдум кылабы же дагы башка жол табышабы, ким билет. Акаевге да, Иманбаевге да ишенбейм. Булар турганда шайлоолор эч качан демократиялуу болбойт,- дейт Турсунбек Акун.

Элдик патриоттук кыймылдын мындай кол топтоо акциясын сынга алган каршы да пикирлер арбын. Ысыккөл дубанынын губернатору Токон Шайлиев мындай иш- аракет бекерчилердин гана кылганы деп санайт. Аскар Акаев мамлекет башчы катары көңүлүнө төп келерин айтып, керек болсо мөөнөтүн узартып бериш керек деген сунушун айтты:

- Украина менен Грузияны карагылачы, бийлик деп кырылышып атып экономикасы алсырады. Биз жаңы өнүгүп келаткан өлкө болгондон кийин андайга такыр жол бербешибиз керек. Кыргызстанга мамлекет башчы катары Аскар Акаев гана керек деп ойлойм. Керек болсо кол чогултуп туруп мөөнөтүн узартып салыш керек деп ойлойм,- дейт Токон Шайлиева.

Аскар Акаев Германияга болгон сапары учурунда «Немис толкуну» радиосуна берген маегинде бул темада ачык сүйлөгөн. Конституция ага жаңы мандат бербесин айтып, шайлоого катышпастыгын, кезекти жаштарга өткөрөрүн кыйыткан. Аскар Акаев мындай жоопту буга чейин бир нече ирет кайталады. Бирок, саясий чөйрөдө Аскар Акаев жана анын командасы жасап жаткан иш- аракеттерге, мамлекет башчынын айрым сөздөрүнө караганда Аскар Акаевдин кете турган ою жок деген пикирлер өкүм сүрүүдө. Экс- элчи Мамбетжунус Абылов бийлик парламенттен күчтүү саясатчыларды алыстатканга аракет кылып атканына караганда Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө калуу үмүтү бар:

- Мисалы, мурдагы элчилерди кандай кылып атышат. Бизди парламентке өткөргүсү келбей атканына караганда, демек, Аскар Акаевдин бийликте калсам деген ниети бар. Деги эле өлкөдөгү саясий иш- аракеттерди байкап көрсөк, мамлекет башчынын бийликтен кетпей калсам деген үмүтү өчө элек,- дейт Мамбетжунус Абылов.

Ош шаарындагы «Элим менен элим үчүн» кору президент Аскар Акаевдин аяктап бараткан мөөнөтүн узартуу үчүн кол топтоо акциясын жүргүздү. «АКИпресс» маалымат агенттиги билдиргенге караганда, бул кор 30 миңге чукул атуулдун колдорун мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун колуна тапшырган. Дал ушул акция ага карама -каршы келген Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча кол топтоонун башталышына жол ачты деген пикирлер бар.
Ал эми «Кыргызстан патриоттук кыймылынын» мамлекет башчыны бийликтен кетирүү боюнча акциясы Аскар Акаевге кайрадан жардам берип, анын мөөнөтүн узартуу боюнча иш- чаралардын жанданышына гана түрткү болуп атат деген пикирлер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков оппозициячыл күчтөр аны бийликтен кетирүү үчүн кол топтоо менен Аскар Акаевге кандай чоң жардам берип атканын өздөрү аңдабай жатат дейт.
Депутаттын пикиринде, азыркы бийлик бекеринен оболу жаңы парламентти өз күчтөрү менен толуктаганга ашыккан жок. Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, Аскар Акаев кааласа бийлигин парламент аркылуу сактап калууга жол көп. Ага бир мисал катары, президенттик бийликти жоюп кудуреттин баарын премьер- министрге берүүнү көрсөтөт. Акбөкөн Таштанбековдун пикиринде, эгер келерки парламенттин колу менен мындай мамлекеттик түзүлүш кабыл алынган күндө «Аскар Акаев президент болду, бирок өкмөт башчы боло элек» деген маселе көтөрүлөрү анык.
XS
SM
MD
LG