Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Бүгүн дүйнөнүн православ христиандары Иса пайгамбардын туулганы күнүн белгилеп жатышат


Бүгүн Дүйнөнүн православ христиандары Иса Пайгамбардын туулган күнүн белиглеп жатышат. Өткөн түнү Россиянын, Украинанын, Беларустун, Грузиянын, Армениянын, Сербиянын чиркөөлөрүндө жана Иса Пайгамбардын туулган жери Иордандын Батыш жээгиндеги Вифлеемде майрамдык диний жөрөлгөлөр өткөрүлдү. Россиянын президенти Владимир Путин Тверь шаарында диний жөрөлгөлөргө катышты, Украинанын мөөнөтү соңуна чыгып бараткан президенти Леонид Кучма менен президент болуп шайланган Виктор Ющенко калкка куттуктоо кайрылууларын жолдошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG