Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

ПРЕЗИДЕНТТИН СЫНЫ НАТУРАБЫ?


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. Президент Аскар Акаев Бишкек шаарынын коомчулугу менен болгон 6-январдагы жолугушуусунда парламентти кескин сынга алды. Мамлекет башчынын пикиринде парламент айрыкча акыркы жылдары реформанын илгерилешине жолтоо болуп, кошуна мамлекеттердин кызматташтык мамилелеринин начарлашын шарттады. Бирок, мындай сын-пикирлер депутаттарды ынандырган жери жок.

Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушууда президент Аскар Акаев парламентти улуттук кызыкчылыкка олуттуу зыян алып келди деп сынга алды:

- Акыркы жылдары оппозициялык депутаттардын фракциясы мыйзам чыгаруу жыйынында негизги кызматтарды ээлеп, алар улуттук кызыкчылыкка өтө орчундуу зыян алып келишти деп эсептейм. Мына, Казакстанды, Өзбекстанды мен айттым. Тилекке каршы, ушул кышта да газ боюнча проблема болот.

Президент Аскар Акаевдин мындай сын-пикирине саясатчылар ар кыл көз караштарын айтып жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев парламент улуттук кызыкчылыкты коргоо максатында тигил же бул маселеге принципиалдуу мамиле жасап жатат дейт:

- Биз принципиалдуу көз карашыбызды айтканыбыз - Өзбекстандын же Казакстандын кызыкчылыгына кол салуу эмес, тескерисинче, Кыргызстандын кызыкчылыгын колдоого болгон аракет. Көз карандысыз, өз алдынча, теңата өлкө болмоюн бизди эч ким сыйлабайт. Бул биздин жер эле, он жылдан бери ушул жерде мунай менен газды бекер алып атасыңар, ушуну бергиле деп айткандан, биз Өзбекстанды капа кылып коебуз деп коркобуз. Ошол эле кезде Өзбекстандан дүйнөлүк баа менен Бишкекти ысытыш үчүн газ, ТЭЦти ысытыш үчүн мазут алып келебиз.

Ал эми депутат Эркин Бөлөкбаевдин оюнда президент карым катышка доо кетирип атат деген доомат негизсиз:

- Өз ара карым-катышты парламент эмес, ал өзү ички-тышкы саясаты менен татаалдаштырып атса керек. Ички-тышкы саясатты Конституция боюнча парламент эмес, президент аныктайт. Ага ушундай укук берилген. Эгер ал тышкы саясат боюнча макулдашууга келе албаса, бул өзүнүн проблемасы, -

Президенттин оюнда, тескерисинче, маселен, Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы союздук келишимдин ратификацияланбай калышы кызматташтыктын өркүндөшүнө тоскоолдук кылды:

- Эгер бул келишим өз учурунда ратификацияланса мен Нурсултан Абишевич Назарбаевге барып, сүйлөшүп, балким, дагы бир кадам таштоону пландамакмын. Күн тартибинен алып сала турган дагы маселелер бар эле. Эми мен ага кантип барам? Ал эмне дейт?

Бирок, Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы, депутат Алишер Абдимомунов келишим аны түзүү процедурасына, менчиктештирүүгө байланышкан кемчиликтер болгон үчүн жана Кыргызстандын кызыкчылыгы жетиштүү корголбой калгандыктан, ратификацияланбай калган дейт:

- Кызматташтык, достук мамиленин пайдубалы жакшына негизге коюлушу керек да. Жанагыдай олку-солку, процедураны бузуу жолу менен, эки элдин кызыкчылыгы тең эске алынбаган келишим менен алыска бара албайбыз да. Анан келишимге каршыбыз деп айтылган пикир болгон эмес бизде. Бул (президенттин пикири) айтылган сөзгө да, болгон жагдайга да туура келбейт.

Президенттин билдиргенине караганда, парламент өкмөт сунуштаган мыйзамдардын болгону 25%ин гана кабыл алып берди. Маселен, энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланышкан мыйзамдын кабыл алынбай калышы реформанын кетенчиктешин шарттады, кредитордук, дебитордук карыздарга байланышкан проблемаларды күчөттү.
«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, парламент ар жыл сайын өкмөттүн оюндагы мыйзамын кабыл алып берчү, бирок, быйыл бул мыйзамды кабыл алуудан баш тартып, туура иш жасады:

- Депутаттар түшүндү да. Эгерде стратегиялык бул тармакты берип койсо, бу жолу дагы өлкө үчүн да, эл үчүн да кризистерди алып келет деп. Ошон үчүн кудай сактап ушундай чечимди кабыл алган жок, өкмөттүн кысымына карабай.

- Энергетика тармагын менчиктештирүүгө болгон биздин аракетибиз балким ал үчүн реформага каршы дегендей түшүнүлсө керек, - деген пикирин айтты депутат Текебаев маселеге карата, - Биз биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн энергетика секторун менчиктештирүүгө каршыбыз. Ал реформа бир ууч бай адамдардын кызыкчылыг үчүн жүргөн реформа.
XS
SM
MD
LG