Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:46

ОРУСИЯ «ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН» ОРТО АЗИЯДАН ЧЫГАРАБЫ?


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Кийинки кездери Кыргызстанда өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоонун жыйынтыктарына Орусия менен Батыш өлкөлөрү өзгөчө кызыкдар экени байма-бай айтылууда. Антүүгө Орусиянын Эсеп палата төрагасынын Бишкекте иш сапары менен жүргөн чагында Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчисине кине койгону да себеп болду көрүнөт.

Грузия менен Украинадагы «кызыл, сары» ыңкылаптардын желаргысы кыргыз бийлигин абыдан кооптонткону менен оппозиция лидерлерин кадыресе шыктантууда. Бул жерде шайлоону адилет өткөрүү милдетине караганда Грузия менен Киевдеги окуялар кайталанбайбы деген кабатыр суроо көпчүлүктү көбүрөөк ойлонтууда. Ага кошумча, буга чейинки «жеңилүү ызасын» тартып калган Орусия Кыргызстандагы саясий окуялардын жүрүшүн бекем көзөмөлгө алып, таасирин күчөтүү аракетине өттү. Мындай пикирин «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов билдирди:

- Жаңы жылдын алдында Орусиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашин бул жерге жөнеле келбегендигин көрсөттү. Пресс-конференция маалында ал Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Кыргызстандын ичиндеги саясатка аябай катуу кийлигишип атыптыр. Бул акылга сыйбаган жорук деген сөз айтты. Мындан улам мен Путиндин саясаты, азыркы орус бийлигинин саясаты бүгүнкү утулуштарга кол куушуруп отуруп албай, жок дегенде Борбор Азияга кичине көңүл буралы, ошол жактагы бийлик менен жакшы бололу дегенге бурулуп калган экен деп түшүндүм. Америка менен сүйлөшүү түрүндө болобу, тымызын тирешүү түрүндө болобу – бирок, баары бир биздин ушул Орто Азиядагы таасирибизди жоготпойлу, деген чоң аракеттери бар. Муну, менимче, Орусиянын элчилиги деле жашырган жери жок. ФСБнын азаматтары деле Бишкекте жортуп жүрүшөт. Анан бул жагынан мамлекет башчысы Аскар Акаев деле жашырбай эле көбүнчө биздин бийликтин таянары, ишенери 90% Москва деп отурушу жөн жеринен эмес деп ойлойм.

«Жаңы багыт» саясий кыймылынын жетекчиси Муратбек Иманалиев ар бир өлкөнүн принциптери жана кызыкчылыктары бар. Кыргызстан да өз принцибин аныктап алышы керек дейт.

- Орусия болобу, Америкабы же Кытайбы – алардын өз принциптери жана кызыкчылыктары бар. Ошол принциптер менен кызыкчылыктар карама-каршы келгенде Кыргызстан үчүн, албетте, кыйын болот. Биздин принциптерибиз кандай болушу керек? Биз бул жагынан көп нерселерди үйрөнүп алышыбыз зарыл.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасынын орунбасары Кубатбек Байболовдун ырасташынча, геосаясий кызыкчылыктар кагылышкан маселе демократияга байланыштуу болууда.

- Албетте, Орусия өткөн замандагы Советтик республикаларды өзүнүн таасиринде кармап турууга кызыкдар. Белгилүү өлчөмдө андай кадамдарды жасап да жатат. Жаңыланган эл, өзгөргөн эл мамлекетти башкарууга далалат жасап жатат. Ал эми бийлик болсо мурункудай эле шайлоону өзүбүз жасап коебуз деген аракетин жасоодо.

Постсоветтик республикалардын дээрлик баарында заман оошкондон кийин бийлик башына мурунку коммунист төбөлдөр келишкен.

- Мурунку Советтик республикалардын 1-катчылары, партиялык кызматта жүргөндөр дээрлик баары келип эле жаңы доорго трансформация болуп алышпадыбы, президент болуп алышпадыбы. Мына, биздин реформаларыбыздын мүчүлүштөп, алга жакшы жылбай атышынын себеби да ошондо,- дейт Кубатбек Байболов.

Эски менен жаңынын кагылышуусу коммунисттик заман кулагандан 13 жылдан соң саясий-экономикалык реформалардын кыйласы токтоп, айрым жерлерде жеке бийлик бекем орун-очок алгандан кийин чыкты. Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ачык-тымызын атаандашуусун жараткан саясий багытты аныктоо зарылдыгына Кыргызстан да келип такалды. Шайлоо жыйынтыгын эл өзү чыгарабы же көнүмүшүнө салып аны бийлик өзү эле чечип коебу, аны, албетте, убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG