Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

ОРУСИЯЛЫК СЕРЕПЧИЛЕР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СОҢКУ САЯСИЙ ОКУЯЛАРГА КӨЗ САЛУУДА


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Кыргызстандагы оппозициялык «Ата-Журт» саясий кыймылынын теңтөрайымы, мурдагы тышкы иштер министри жана элчи Роза Отунбаеванын келээрки парламенттик шайлоого талапкердикке катталбай калышы менен байланыштуу окуялар орусиялык коомчулуктун да көңүлүн буруп, адистердин түрдүү ой-пикирлерин жаратууда.

«Роза Отунбаева – Кыргызстандагы бүгүнкү режимге коркунуч келтире турган саясатчы. Ошондуктан, жалпы постсоветтик алкакта иштелген саясий платформанын мыйзамдарынын чегинде бийлик аны өз марасына жакындатпоо аракетин көрүп жатат». Мурдагы тышкы иштер министрин депутаттыкка талапкердиктен четтетүү, орусиялык политолог, Орусия Илимдер Академиясынын КМШ институтунун адиси Сергей Панариндин оюнда, Кыргызстандагы бүгүнкү бийликтин чочулоосунан улам жасалган кадам.

- Билесизби, негизи, түрдүү техникалык кемчиликтер бийликке тууганчылык менен келип калгандарга эмес, режимге коркунуч туудурган адамдарга гана каршы колдонулат. Роза Отунбаева тууралуу айтсак, ал бул тизмектеги “коркунучтуу делген” адамдардын катарында турат, Ал өлкө ичинде эле эмес, андан кеңири алкакта да белгилүү саясатчы, - деп эсептейт орусиялык аналитик Панарин.

Ал эми орусиялык дагы бир белгилүү политолог Андрей Пионтковский бул жараянды жалпы эле КМШ аймагындагы авторитардык режимдердин чочулоосунун бир көрүнүшү катары сыпаттады:

- Бул кыргызстандык да, орусиялык да авторитардык режимдердин коркунучун даана көрсөткөн факт десе болот. Ал Украинадагыдай «саргылт ыңкылап» алдында пайда болуучу жараянга окшош. Бул өңдүү жараян Орусия тарабынан 19-20-кылымдардагы төңкөрүштөр маалында да орун алган. Мындай ыкмалар, адатта, бийликтегилердин кубатын жандантуу үчүн көрүлүүчү аракет болуп саналат. Ал эми Акаев мырза - Орусияга ык алган саясатчы. Андыктан, ал Орусиянын бийлигинин жоруктарын кайталайт. Аталган көрүнүш жалпы эле постсоветтик аймакта 2005-жылы улантыла турган жараян сыяктуудай көрүнөт. Отунбаева айымдын мисалы – ал жараяндын алгачкы гана мисалы.

Орусиянын таасир көрсөтүү аракеттери Украинадагы бийликтин алмашуусуна кедергисин тийгизе албады. Ошентсе да, Пионтковскийдин оюнда, Кыргызстандагы алдыдагы шайлоолордун маалында Москванын аракеттери жыйынтыгын бериши ыктымалдан алыс эместей.

- Москва Украинада ишенимдүү күчкө ээ болгон эмес. Ал эми Украинадан айырмаланып, Кыргызстанда Орусиянын аскерий базасы, тыгыз саясий карым-катнаштары бар. Андыктан, Кремль Акаевдин бийлигин сактап калуу үчүн бүт аракетин жумшайт. Анткени Москва КМШдагы күчүн такыр жоготуп алууну каалабайт.

Сергей Панариндин оюнда, учурда Шериктеш мамлекеттердин аймагында, ушул убакытка чейин калыптанып келген режимди кулатып, элди ээрчитип кете ала турган лидерлер дээрлик жокко эсе. Бирок акыркы мезгилдерде бийликтин алмашышы үчүн лидердин мааниси анчалык деле чоң болбой калгандай көрүнөт. Буга Украинада болгон окуялар мисал, дейт ал.

Айрым орусиялык серепчилер Кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшүн Украинада болгон соңку окуялардын башатына окшоштурууда.
XS
SM
MD
LG