Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

МУРДАГЫ ЭЛЧИ МЕДЕТ ШЕРИМКУЛОВДУН АРЫЗЫ КАНААТТАНДЫРЫЛГАН ЖОК


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Бүгүн (8-январда) Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, өлкөнүн Түркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкуловдун арызын карап, аны канааттандырган жок. Шеримкулов №64 Шопоков шайлоо округунун шайлоо комиссиясы өзүн депутаттыкка талапкер катары каттабай койгондугуна байланыштуу сотко кайрылган эле. Эми мурдагы элчи Жогорку сотко арыз менен кайрылаарын билдирди.

Медеткан Шеримкуловдун арызын Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев карап, арызды канааттандырган жок.

Соттун чечими тууралуу М.Шеримкулов мырза “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Соттун чечимин туура эмес деп эсептеймин. Анткени сот өзүнүн чечиминде менин жүйөөлөрүмө толугу менен жооп бере алган жок. Алардын Конституцияга, мыйзамдарга туура келген жүйөөлөрү болгон жок.

Анын айтымында, райондук сот өзүнүн чечимин дүйшөмбүдө арызданган тарапка жазуу түрүндө берет. Андан кийин ал чечимди жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз дейт Шеримкулов:

- Сокулук райондук соттун чечимин алып Жогорку Сотко берем. Жогорку Сот биздин элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жактаган орган деп ойлоймун. Ошондуктан Жогорку Сот бул маселени оң чечет дейм.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоого чейинки 5 жыл ичинде чет өлкөдө иштеген мурдагы элчилер парламенттик шайлоого Башмыйзамга ылайык талапкер катары катыша албайт деген пикирин буга чейин бир нече жолу билдирген. Мына ошонун негизинде Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеваны талапкер катары каттаган жок.

Өлкөнүн мурдагы элчилери Үсөн Сыдыков (КМШ) менен Мамбетжунус Абыловдун (Малайзия) депутаттыкка талапкер катары каттоо тууралуу арыздары Майлуусуу жана Ташкөмүр округдук шайлоо комиссияларында азыркыга чейин каралбай турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев “Шайлоо кодексинин” 69-беренесинин 1-бөлүгүн эч ким буза албайт деген пикирин бүгүн да “Азаттыкка” билдирди:

- Ошол беренени ким буза алат? Жогорку Кеңеш гана өзгөртө алат. Эгерде мыйзам эртең өзгөртүлсө, анда биз эртең эле башкача иштейбиз.

69-беренеде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердикке акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган атуулдар каттала алат, деп жазылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Иманбаев мырза мурдагы элчи Роза Отунбаеванын катталбай калганынын себебин да мына ушул берененин талаптары менен байланыштырды:

- Отунбаева соңку эки жылда Грузияда иштеп келди. Андан мурун төрт-беш жыл чет мамлекетте жүрдү. Конституцияда эч кимге артыкчылык берилген эмес да, - деди Сулайман Иманбаев.

Мурунку элчилер болсо “Шайлоо кодексинин” 69-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптары элчилерге таралбайт, анткени алар мамлекеттик кызматта болуп, мамлекеттин тапшырмасын аткарып жүргөн”, деген жүйөөнү карманууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы (1990-1994) жана Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов элчилерди шайлоого катыштырбоо Кыргыз мамлекетинин эл аралык аброюна шек келтирет деген пикирде:

- (Бийлик) самлекеттик кызыкчылыгын сактап жүргөн өзүнүн дипломаттарын шайлоого киргизбей, укугунан ажыратса - бул бүт дүйнөгө уят болот деген сөз. Мен бир эле нерсени айтайынчы, мынакей Владимир Лукин деген бар. Ал көп жылдар бою АКШда Россиянын элчиси болуп иштеп жүрдү. Ал киши келээри менен Мамлекеттик думага эки жолу катары менен депутат болуп шайланды.

Ал эми бийликчи “Алга, Кыргызстан” партиясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Диль мурдагы элчилердин айланасында түзүлгөн абалга мындай пикирин билдирди:

- Менин оюмча, Кыргызстандын ар бир атуулу депутаттыкка ат салыша алат. Бул Конституцияда жазылган. Ал эми калган жоболордун юридикалык негизи жок. Шеримкулов, Отунбаева сыяктуу атуулдар шайланып келсе, мамлекет зыян тартпайт. Алардын демократиянын өнүгүүсүнө салымы арбын болмок.

XS
SM
MD
LG