Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

БШК ҮГҮТ ИШТЕРИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КӨЗӨМӨЛДҮ КҮЧӨТТҮ


Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү жараяндарына көзөмөл салуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Азаттык” үчүн маек куруп, үгүт жаатындагы оош-кыйыш учурларга токтолду.

- Туйгунаалы мырза, Шайлоо Кодексинин талабына ылайык үгүт иштери 2-февралдан кийин, добуш берүүгө 25 күн калганда башталышы керек. Бирок, азыр көпчүлүк массалык маалымат каражаттарында талапкер болот дегендер жана азыркы депутаттар тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Бул мыйзам бузуу деп эсептелбейби?

- Чыны менен айрым талапкерлер мыйзамды сыйлабай, үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап коюшту. Мына Бишкектин көп эле жеринде чоң-чоң сүрөттөрүн илип коюшту. Биз аларга эскертип, сүрөттөрүн алдырып жатабыз. Андан тышкары алар ар кандай жолдор менен, кыргызча айтканда кыйыр түрдө үгүт кылып массалык маалымат каражаттарына чыгып жатышат. Ошол боюнча бизге бир топ маалыматтар түштү. Маалыматтардын негизинде талапкерлерге эскертүү берип жатабыз. Анткени, Шайлоо Кодексининин 36-беренесининин 9-пунктуна ылайык талапкер тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү тартиби бузулса, аны каттоодон алып коюуга акыбыз бар. Ал жобо 36-берененин 9-пунктунда жана 56-берененин «б» пунктунда жазылган.

- Ошол гезиттерге жарыяланган, сүрөттөрү көчөлөргө илинген көрүнүштөр боюнча ал талапкерлердин атаандаштары сотко кайрылышса алар мыйзам бузуу фактысы болуп бере алабы?

- Бере алат. Эгер талапкерлердин атаандаштары ошолорду далилдеп сотко кайрылса, сот кароого милдеттүү. Мына биз азыр бардык фактыларды чогултуп жатабыз. Анткени, материал жарыяланган атуулдардын арасында талапкер болуп көргөзүлгөнү, көрсөтүлө электери бар, каттоодон өткөнү, өтө электери бар. Ошон үчүн азырынча эскертип гана жатабыз. Анткени, «Бөрк ал десе баш алгандай болуп» расмий каттоодон өтө электерди деле мыйзамда мындай жазылган экен деп эле каттоодон чыгаруу жарабайт.

- Ал эми азыркы парламенттин депутаттары өздөрүнүн күнүмдүк иштери боюнча маалымат берүүдөн баш тартып жатышат. Иштеп жаткан депутаттын маалымат берүүсү дагы үгүт иши деп бааланабы?

- Негизинен алар эл алдына барып жасаган иштери тууралуу айтып берсе мыйзам бузуу болбойт. Бирок, эл алдында сүйлөп жатканда айрым кишилер үгүт маанайындагы иштерди жүргүзүп жиберсе, анын атаандаштары кийин сотко бериши мүмкүн. Эсиңизде болсо керек, Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизиле электе талапкер каттоодон өткөндөн кийин эле өзүнүн үгүт ишин баштап, шайлоого 24 саат калганга чейин жүргүзө берчү. Менин оюмча, бул туура болчу. Азыр көпчүлүк адамдар Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өз кызыкчылыктарын көздөп, мыйзам жазып алышты деген ойлорду айтып жатышат. Алар азыркы депутаттар жаңы талапкерлер үгүт иштерин кенен жүргүзүп, элге таанылбасы үчүн үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 25 күндүк гана мөөнөт коюп, өздөрүнө ылайыктап жазып алышты деп жатышат. Мен муну чын же калп деп айта албайм. Бирок, мыйзамда ошондой жазылгандан кийин аны аткарууга милдеттүүбүз. Ал мыйзамды жазган Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары да аткарууга милдеттүү. Бирок, алар тигиндей же мындай иш жасадым деп айтып жибербесин, анан атаандаштар кыйыр түрдө үгүт иштерин жүргүздү деп өздөрүнө каршы пайдаланбасын деп депутаттар менен талапкерлердин сактанып жатышканы туура.

- Ал эми ушул тапта мөөнөтүнө мурда үгүт ишин жүргүздү деп, эл арасынан келген маалыматтар барбы?

- Андай фактылар бар. Чынын айтканда бардык жерде көзөмөл жүргүзүп жетише албайт экенбиз. Ошон үчүн биз бардык тараптарга «жардам бергиле, байкаган материалдарды бизге бергиле, биз чара көрөлү» деп кайрылып жатабыз. Чыны менен кээ бир мамлекеттик кызматкерлер кызмат орундарынан пайдаланышып мыйзам бузууларга барып жатышат. Маселен, бая күнү «Вечерний Бишкек» гезитинде Аваз Момункуловду көкөлөтө мактаган материал жүрөт. Андан тышкары Ысыккөлдүн губернатору Токон Шайлиева социалдык мобилизациялоо жылы деп, ардагерлерге деп сыйлык бөлгөн экен. Аны болочок талапкер Дамира Кендирбаева таратып бериптир. Бизге бул тууралуу маалымат келди. Азыркы депутат Акбөкөн Таштанбеков ири мыйзам бузууларга барып жатат деген да маалымат түштү. Мына ушундай фактылардын баарын топтоп жатабыз. Алардын баарын кийин териштирип чыгабыз.

- А бирок, азыр улуттук телевидениени жана өкмөттөн каржыланган гезиттерди карап көрсөңүз шайлоону өткөрүү тууралуу жардык жарыялангандан кийин деле талапкер болот дегендер тууралуу көптөгөн материалдар көрсөтүлүп, жарыяланып жатат. Айрыкча, жаңы жыл алдында талапкер болот дегендердин баары жээк-жаат, шайлоочуларын телевидение аркылуу куттукташты.Бул дагы мыйзам бузуу болобу?

- Биз Улуттук сыналгыга (телевидениеге) эскертүү бергенбиз. Эгер аткарылбаган фактылар болсо, аларды кийин иликтеп чыгабыз. Ал эми Улуттук телевидение менен биздин келишимибиз бар. Ага ылайык кеткен материалдардын баары жазылып жатат. Каттоо аяктагандан кийин талапкерлер жазылган ар бир тасманы көрүп, изилдеп чыгабыз.

- Ал эми 4-январда эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков «бийлик Дооронбек Садырбаев, Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров депутат болбосун деп көрсөтмө берди, азыр ушул багытта жер-жерлерде иштер жүргүзүлүп жатат» деп расмий түрдө билдирди. Эгер алар ушул факт боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясына кайрылса чара көрүлөбү?

- Эми мен алар тууралуу эч нерсе айта албайм. Андай маалымат менде жок. Бирок, Борбордук Шайлоо комиссиясы алардын бирөөнө да каршы иш жүргүзгөн жери жок. Эгер Исаков, Бекназаров же Садырбаев ошондой маалымат айтылганын далилдеп берсе биз аткаруу бийлигине расмий түрдө кайрылып, андай иштерди токтоткула, ал туура эмес деп эскертүү бере алабыз.

- Анткен менен азыр эл арасында эмнегедир бийлик өзүнө жаккан талапкерлер катары менен мыйзам бузууларга барса да көз жуумп коюп, оппозициялык маанайдагы талапкер кичинекей эле тартип бузса марадан чыгарат деп, Борбордук Шайлоо комиссиясы баштаган бийлик, сот органдарына ишеними аз болуп жатат. Андай көз карашты басаңдатуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

- Бийлик дешет, Борбордук Шайлоо комиссиясы дешет… Бирок, шайлоону эл жана участкалык комиссия чечет да! Аким канча айтпасын, премьер-министр канча айтпасын акырында баарын чечкен эл. Себеби, добушту эл берет да. Же алар бюллетенди үкөккө салып жатканда алардын үстүнөн бирөө карап туруп жатабы? Ошон үчүн эл чечсин, эл кандай чечсе ошондой болот. Эми 2000-жылы кээ бир талапекерлер сот аркылуу алынып калды. Борбордук Шайлоо комиссиясы сот үчүн жооп бербейт. 2000-жылы чыны менен бийлик кийлигишип, айрым жерде күч менен жыйынтыкты бузгандар болду. Эми саясатта ошондой болот. Бирде утасың, бирде уттурасың… Ага да көнүү керек.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG