Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

9-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги гидрометеорология борборунун билдирүүсүнө караганда, 9-январда Кыргызстанда түнкүсүн кар жаап, ала булут каптап турат, күндүз Ысыккөл жана Нарын аймактарында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ, ТАЛАС өрөөндөрүндө түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +2…+7 градуска жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫН дубанында түнкүсүн –11…-16, күндүз –4…-9 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн –3…-5 градус суук, күндүз +3…+5 градус жылуу.


Кыргызстандагы күндөлүк жаңылыктарды Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG