Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Таласта шайлоо алдындагы үгүт иштери мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүүдө


ТАЛАС. Шайлоо кодексинин талаптарына каршы келиши мындай аракеттер Таластагы үч шайлоо округунун аймагындагы айыл, кыштактарда жана шайлоочулар эки округга бөлүнүп калган Талас шаарында көрүлүп жатат. №55 Бакайата шайлоо округуна кошулган Талас шаарынын батыш аймагында аты-жөндөрүн айтпаган үгүттөөчүлөр адамдардын үйлөрүнө кирип, шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын, жашоо деңгээлин иликтеп жазышып, материалдык жардам берүүгө убада берип кетишкен. Ушул эле округдун аймагындагы мугалимдерге 300-500 сомдон акчалар берилген. Ал акчалардын кожоюну кайсы талапкер экендигин мектеп деректирлери гана билип, учуру келгенде айтат дешет. Ал эми врачтарга халаттар таратылган. Бирок мындай фактыларды округдук да, облустук да комиссияда билишпей тургандыгын айтышты. Үч округда тең мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө бөгөт коюучу жумушчу топтор түзүлдү. Бирок жогоркудай бир да фактыны катташкан эмес. Үч округдан тең депутаттыкка документтерин тапшырган талапкерлер бар, бирок алардын бирөөсү да каттоодон өтө элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG