Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Конституцияда элчилердин парламенттик шайлоого катышуу укугу четтетилген


БИШКЕК. Өлкөнүн Конституциясында белгиленгендей, Кыргызстанда акыркы 5 жыл ичи туруктуу жашаган атуул Жогорку Кеңешке талапкер боло алат. Ошондуктан, элчилердин шайлоого катышууга укугу жок. Ушундай пикирин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыкка» билдирди. Ал ошондой эле Бермет Акаева парламенттик шайлоого катыша тургандыгы тууралуу азырынча арызын бере электиги жөнүндө маалымдады. Өлкөнүн Шайлоо Кодексинин 69-беренесинде да, соңку 5 жылда туруктуу жашаган, ошондой эле ар бир жылы 6 айдан ашпаган убакыт ичи чет өлкөгө кызмат, өндүрүш, илимий же башка мүнөздөгү иштер менен чыккан атуулдар да кыргыз парламетине талапкерлигин коюуга укуктуу деп жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG