Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

М.Шеримкуловдун арызын Сокулук райондук соту канааттандырган жок


БИШКЕК. Чүй облусунун Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкуловдун арызын ишембиде карап, аны канааттандырган жок. Шеримкуловдун айтымында, анын өтүнүчүн Сокулук райондук сотунун төрага орун басары Нурлан Мусаев Конституциянын негизинде карабастан, шайлоо Кодексинин 55-беренесине ылайык түшүнүксүз чечим чыгарган. Ага нааразы болгон экс-спикер Жогорку Сотко арыз жолдоорун билдирди.

Медеткан Шеримкулов парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу Сокулук районунун № 64 Шопоков шайлоо окуругуна 24-декабрда арыз жолдогон. Аймактык шайлоо комиссиясы Шеримкуловду Кыргызстанда кийинки беш жылда жашаган эмес деген шылтоо менен каттоодон баш тарткан.

Ал эми Жалалабад облусунун №23 Майлысуу шайлоо окуругу кворум болбогондуктан Үсөн Сыдыковдун депутаттыкка талапкер катары каттоо тууралуу арызын кароону дүйшөмбүгө жылдырды.

XS
SM
MD
LG