Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

“Атажурт” коомдук-саясий кыймылы кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. “Атажурт” коомдук-саясий кыймылы тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда: “Урматтуу генералдар, офицерлер, сержанттар жана тартип коргоо органдарынын катардагы кызматкерлери, биздин коомубуздун оор мезгилинде сиздерге кайрылабыз. Парламенттик шайлоо алдында белгилүү себептер менен коомдук саясий кырдаал чыңалууда. Биз күнүгө бийлик тарабынан ар кандай кысымдар көрсөтүлүп жатканын сезүүдөбүз”, - деп айтылат. Ошондой эле аталган кыймыл тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин сабырдуулукка, күч колдонбоого чакырган. Бийлик мыйзам бузууларга барып жатат, ага оппозициялык күчтөр менен милиция кызматкерлерин кагылыштырууга жол бербегиле, деп аларды үндөгөн. Кайрылуу ээлери 2002-жылы март айындагы Аксы окуясындагыдай күч колдонуу ыкмасын таптакыр колдонбоого тартип коргоо кызматкерлеринен өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG