Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Роза Отунбаеваны колдоочулар пикетке чыгышты


БИШКЕК. “Атажурт”,”Кыргызстан патриоттук” кыймылдарынын 40 чамалаш өкүлдөрү жана оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын лидерлери, айрым депутаттар Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкты. Пикетке чыккандар “Атажурт” кыймылынын тең төрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны депутатыкка талапкер кылып каттоону бийликтен талап кылды. Алар сары түстөгү кездемеден моюн орогуч жана сары түстөгү гүл түспөлдүү төш белги тагынып, “Дипломаттар шайлоодон четтетилбесин”,”Роза Отунбаевага талапкер болуп катталууга мүмкүндүк берилсин”, “Саясий куугунтук башталдыбы?”-деп жазылган плакаттарды колдоруна кармап турушту.
Жаандан башпаанек кылганга аскердик эки талаа чатыры тигилген эле. Түштөн кийин милиция кызматкерлери күчкө салып чатырларды алып кетишти

Бишкектеги №1 Университет шайлоо округундагы шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу 6-январда кечинде чечим чыгарган. Бирок ошол эле күнү түнкү саат он бирлерде шайлоо комиссиясы шашылыш жыйын өткөрүп, мурдагы чечимин жокко чыгарган. 7-январда Бишкекте бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү чукул жыйын өткөрүшүп, Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча комитет түзүшүп, анын жетекчилигине Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акунду шайлашкан.

XS
SM
MD
LG