Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

КЕЛЕРКИ ПАРЛАМЕНТ КАНДАЙ БОЛОТ?


Кыргызстандын келерки парламенти кандай болушу ыктымал? Бул парламенттик шайлоонун алдында айрыкча бүйүр кызыткан маселелердин бирине айланды. Акыркы күндөрү бул маселеге президент Аскар Акаев да кайрылып өзүнүн көз карашын билдирип жатат.

Конституциянын жаңы редакциясына Жогорку Кеңештин кош палатасын бириктирип, 75 депутаттан турган бир парламент түзүү жана анын укуктарын кеңейтүү тууралуу жобо киргизилген. Парламенттин жаңы курамын эл 27-февралда боло турган шайлоодо тандап алышы керек. Ошондуктан, жаңы парламентке ким келет, кайсы саясий күчтөр басымдуулук кылат деген суроолордун айланасында акыл тегереткендер аз болгон жери жок. Бул маселеге акыркы күндөрү президент Аскар Акаев да пикирин байма-бай билдирип атат. Маселен, Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушууда:

- Бүгүн биз кубаттуу бийлик укуктары бар күчтүү парламентке ээ болобуз. Албетте, бизге ушул бийлик укуктарын жоопкерчилик менен пайдаланган парламент керек.

деген президент Акаев бишкектиктерди келерки парламенттик шайлоого демагогдорду, популисттерди эмес, өкмөт, президент менен конструктивдүү кызматташа турган токтоо, ишкер депутаттарды тандап алууга чакырган. Оппозициялык маанайдагы кыйла саясатчылар муну бийликтин келерки парламентти чөнтөк парламентке айландыруу аракети катары баалашууда.
Анткен менен көпчүлүк байкоочулар парламенттин деңгээлин алдыдагы парламенттик шайлоо аныктаарын белгилеп жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Искак Масалиевдин пикиринде:

- Жалпысынан парламентте күч көп. Бирок, ким келет, маселе мына ушунда. Эгерде Акаевдин колдоочулары көп болсо, анда алар Конституцияны оңдойт, башка нерсе кылат, Акаевдин саясаты жүрө берет. Эгер мына бу депутаттарга окшогон оппозиция көбүрөөк келсе, анда менин оюмча прогресс болот, ошондо алдыга жылат. Эгер жанагы «Алга, Кыргызстан», «Адилет» партиялары көпчүлүктү ээлеп алса, анда ушундай эле калат. Аскар Акаевичке бийликке калганга дагы бир шарт түзүп беришет.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы, экс министр Муратбек Иманалиев келерки парламент мүчөлөрүн тандап алууда элдин мойнунда чоң жоопкерчилик турат дейт:

- Эл кимди шайласа, ошол депутат болот. Ошон үчүн элдин да жоопкерчилиги бар, бу жерде. Парламент ар кайсы өлкөдө ар кандай болот. Бийлик айтып аткан жанагы оппозициялардын арасында абдан акылдуу, абдан тартиптүү, реформа деген эмне экенин билген кишилер көп. Ошолор өтүп кетсе, менин оюмча жакшы болот.

Коомчулукта келерки парламент өңчөй ишкерлерден турушу ыктымал деген божомол да кеңири талкууга алынууда. Маселен, коомдук ишмер Алтынай Сулайманова:

- Биздин чочуганыбыз – бизнесте жүргөн жигиттер келип калышы мүмкүн. Чындыгында көпчүлүгү бизнесте жүргөн мырзалар келип калса, ошо жерде чыга турган мыйзамдардын көпчүлүгү ошолордун кызыкчылыгына иштей турган мыйзам болуп калышы мүмкүн. Мамлекеттин экономикалык жактан күчтүүлүгүн, саясий жактан кубаттуулугун, коопсуздугун кармай турган мыйзамдар азыраак кабыл алынып калынышы мүмкүн.

Тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев келерки парламентке көз карашын минтип билдирди:

- 2000- жылдан ашык тарыхы бар эл сөзсүз түрдө элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн депутаттарды шайлап алат деген чоң ишенимде турам. Беш киши жаңылышыбыз ыктымал, 100 киши жаңылышыбыз ыктымал. Бирок, эл жаңылбайт, эл эч качан жаңылбайт. Ошондуктан, элдин эркине коюш керек. Тилекке каршы элдин эркине койбой, четтен келген акчага кутурган адамдар ушунда иштерди жасап атат.

Жарандык коомдун атын атагысы келбеген өкүлү күчтүү, көз карандысыз парламент болушу үчүн бийлик тарабынан болуп жаткан мыйзам бузууларга каршы жапырт күрөштү күчөтүү керек дейт:

- Бирок, дагы бир жолу айтып коеюн, биз көптөн бери кыялданган депутаттарды шайлап ала алабызбы деген шектенүү мени айрыкча кыйнап турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG