Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Эртең Палестинада жалпы элдик шайлоо өткөрүлөт.


Палестина автономиясына эл аралык байкоочулар келе баштады, жекшемби күнү Газа тилкеси менен Йордан дарыясынын батыш жээгинде шайлоо өткөрүлөт. Төрага Ясир Арафат ноябрда каза болгондон кийин Палестина эли анын ордуна жетекчи шайлайт. Негизги талапкер - автономиянын премьер-министри Махмуд Аббас, бирок Мустафа Баргути аттуу адам дагы көз карандысыз талапкер болуп катталган. Арабдар шайлоого эркин катышуу үчүн Израил бийлиги чек ара түйүндөрүндөгү тартиптерди бүгүн жумшартты - көптөгөн палестиналык араб Израилдин ишканаларында иштейт жана күнүгө чек ара аркылуу өтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG