Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

ОРУСИЯНЫН САЯСАТЫ КМШ ЖААТТАШТЫГЫНА КАРШЫ БАГЫТТАЛАТ


Муса Мураталиев, Москва. Жума күнү Украинанын Жогорку рада төрагасы Владимир Литвинди кабыл алган президент Владимир Путин ал жерде Украинанын жаңы жетекчилиги «шайлоо алдындагы кургак чечендикке караганда прагматисттик мамилени өйдө көрөт» деп ишенемин деп айтты. Украинада президентти шайлоонун экинчи айлампасы өткөндө Владимир Путин шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элекете 21-ноябрде Виктор Януковичти жеңиши менен куттуктап ийген. Бирок көптөгөн тартип бузуучулукка жол берилгендиги үчүн шайлоонун жыйынтыгы кийин жокко чыгарылган. Натыйжада шайлоонун дагы бир айлампасы өткөрүлүп, анда оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко жеңип чыккан.

Украинанын Жогорку Рада төрагасы Владимир Литвиндин Москвага келип кетүүсү кыйланы кылчак каратты. Украинада президентти шайлоодо кремлдик саясий технологдор орусиячыл талапкер В.Януковичти колдоого алып, бирок жыйынтыгында оппозициячыл талапкер В.Ющенконун жеңип чыгышы Москва менен Киевдин алакасынан ала чыгарган.

Ошол себептүү Литвинди президент Путиндин кабыл алышы, анын артынан орусиялык ылдыйкы жана жогорку палата төрагаларынын кабыл алышы анализчилер көңүлүн катуу бургузду.

Владимир Литвиндин айтканына караганда:

- Шайлоо - дайыма эртең үчүн болгон кыялдануу. Эми ал кыялданууну өз башынан өткөрүү жумушу турат. Азыр парламент да, мамлекет башчы да, министрлер кеңсеси да аны өз башынан өткөрүүгө даяр.

Орусиянын КМШ өлкөлөргө карата жүргүзгөн саясаты күчкө салып болсо да аларды өзүнүн жанына топтоо багытында болуп атканын анализчилер көп айтат.

Грузияда президентти шайлоодо москвалык технологдордун Ажария лидери Аслан Абашидзенин таламын талашышы, Азербайжанда – кенже Алиевдин, эч ким тааный элек аймак Абхазияда – Раул Хажимбанын, Украинада – Виктор Януковичтин таламдарын талашышы Кремлдин КМШ мамлекеттеринин ички ишине белсенип кийлигишип калганын билдирет дешет орусиялык серепчилер.

Ал эми Москва колдоого алган өлкө Беларусияда эл башкаруу башка жолго түшкөнүн жекшембиде Александр Лукашенко айтты. Ал чиркөөдө чогулган көпчүлүккө «бул мамлекетте элдик революция эч убакта болбойт» деп эскертти:


- Биздин өлкөдө эч кандай кызгылтым, саргылт же банандык революция болбойт. Биз тынчтыкты, бир калыпта болууну, туруктуулукту сактайбыз, - деди ал.

Кызык жери, орусиялык президенттин да чочулаганы так ушул «үзгүлтүксүз революциялар» экен. Ал туурасында президент 23-декабрда журналисттер менен жолукканда айткан болуучу. Ал жолу Владимир Путин:

- Биз, эгерде бардык, мурдагы советтер жумурияттары жайгашкан мейкиндикти алып кеп кылсак, анда, эң коркунучтуу нерсе – бул революциялар үзгүлтүксүз системасынын түзүлүшү болот. Бир туруп анын кызгылтым аталышта, бир туруп көгүлтүр аталышта пайда болушу бизди тынчсыздандырат. Баарыдан катуу тынчымды алган нерсе мына ушул, - деген эле.

Албетте, бул жерде Кыргызстанды маселе сыртында деш туура эмес дешет орусиялык серепчилер.
XS
SM
MD
LG