Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Аяз Ата. Ымыркайлар. Давиддин айкели


Жаңы жылдын түнү жомоктогудай окуяларга бай болот эмеспи. Американын Денвер шаарындагы үйсүздөр жаңы жылга аз калганда конолгонун жанына бир жип машине келип токтоп, айдоочу жүз долларлык купюраларды алып чыгып, элге тарата баштаганын айтып беришти...

Ошентип, белгисиз Санта Клаус же Аяз ата майрамдык түндө бараар жери жок байкуштарга 35 миң доллар бериптир. “Санта Клаус жөнүндө көп эле укчумун. Бирок мындай окуяга туш болом деп ойлогон эмесмин”, - дейт ноябрдан бери конолгодо (убактылуу түнөк жайда) баш калкалап жүргөн Уильям Шенгелис. Эң көп акча Луис Тезада менен анын 4 баласына тийди. Белгисиз конок аларга 5 миң доллар берип, бул каражатты үй сатып алууга кошобуз деген убадаларын алды.
Санта Клаус атын атаган жок, бирок бир кездери өзү да ушунтип көчөдө калгандыгын баяндап бериптир.


Шотландиялык Энтони Куинн интернет аркылуу 120 сантиметрлик крокодилди сатып алып, аны 15 этаждагы үйүндө кармай албай тургандыгына көзү жетип, кайра сатууну чечет. Көчөлөргө кулактандыруу илип туруп, Куинн базарга барат. Кызыктуу жарыяга жаныбарларды коргоо уюму көңүл буруп, полицияга билдирет. Машинанын багажнигин ачкан полициячылар Кайман аралдарынан алынып келген жырткычты тааап алышты. Адистер өтө агреессивдүү деп санашкан аллигатордун салмагы 7 жарым килограммга жетет.
Куинн кооптуу жаныбарды тийштүү шартсыз кармагандыгы үчүн күнөөлү деген айыпты мойнуна алды.


Америкалык дарыгерлер дүйнөдөгү эң кичинекей ымыркайлар жакында бейтапканадан чыгарылышат деп ишендиришти.
19-сентябрда мөөнөтүнөн мурун туулган эгиздердин биринин салмагы 244 грамм, сиңдисиники - 563 грамм эле болчу.
Бүгүн болсо Румаиса 1 килограмм 18 грамм, Хиба - 2,25 болуп калды.
Дарыгерлердин айтымында, кыздар эми инкубаторго муктаж эмес, алар башка балдардан айырмаланбайт.
Эгиздер 25 аптасында туулушкан. Төрөлөөрү менен экөөнө тең көздөрүнө лазердик операция жасалган.


Америка Кошмо Штаттарында жандыктарды клондоого адистешкен бир фирма өзүнүн алгачкы продукциясын сатты. Компаниянын кардары, техастык бир аял былтыр өлгөн мышыгын клондоштуруу үчүн 50 миң доллар төлөдү.
“Кичинекей Ники өзүнүн генетикалык үлгүсүнө абдан окшошот”, - дейт мышыктын ээси. Чоң Ники сууну жакшы көрчү. Мышыктарга мүнөздүү эмес бул адат кичинекей Никиде да байкалат.
Фирмада иштеген окумуштуулар эмки айда биринчи ит клондолот деп болжолдошууда.
Америкада адамдарды клондооого тыюу салынганы менен жаныбарларды клондоого уруксат берилген. Жаныбарларды коргоо уюмдары көчөдө калган ит, мышыктар толуп жаткан кезде бул, этикалык жактан алганда, туура эмес деп эсептешет.
Илимий чөйрөдө да клондоштыруу тууралу бир пикир жок. Көпчүлүк илимпоздор клондор генетикалык мандемдер менен төрөлөт, алар ар кандай илдеттерге көбүрөөк чалдыгып, эрте карып, эрте өлүшөт деген теорияны карманышат.


Микеланжелонун эң белгилүү чыгармаларынын бири – Давиддин айкели жакында абадан турган атайын чөйрөгө (конвертке) оролот. Ошентип дүйнөлүк көркөм өнөрдүн шедеври чаң менен дат басуудан (коррозиядан) корголмокчу. 1504-жылдан 1873-жылга чейин айкел ачык асман алдында турчу. Андан кийин Флоренциядагы “Академия” галлереясына орнотулган. Жылына бир миллиондой турист Давидди көрүп кетет. Айкелди коргоо үчүн дагы бир нече жол сунуш этилип жатат. Мисалы, атайын килемдин жардамы менен туристтердин бут киймдеринен чаң, кир сүрүлүп турмакчы. Ал эми айкелди айнектин астына коюу варианты каралган жок.
Өткөн майда айкел реставрацияланды. Кээ бирлер муну менен анын көркөм баалуулугуна залака тийди деп да эсептешет.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG