Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Дүйнөлүк банк Жалалабад облусунда аракетин кеңейтип жатат


ЖАЛАЛАБАД. Облуста Бүткүл дүйнөлүк банктын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо же АРИС долбоорунун он беш эксперти ишке киришти. Алар жергиликтүү жамааттарды инвестиция алуу жолу менен проблемаларды чечүүгө үйрөтүшөт. Облустун отуз беш айылдык кеңешинин социалдык маселелери үчүн быйыл 50 млн. сомдук грант ажыратмакчы болгон АРИС долбоорунун жана жергиликтүү жамааттын материалдык колдоосу менен былтыр Сузак, Алабука, Аксы жана Тогузторо райондорунда эки мектеп, ошондой эле эки фельдшердик акушердик түйүн жаңыдан курулган. Ал райондордо алты айыл өкмөттө ондогон чакырым жолдор кайра оңдолгон.

XS
SM
MD
LG