Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Коомдук уюмдар тартип коргоо органдарына нааразы


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусундагы саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 8-январда Бишкекте өткөн пикеттин катышуучуларына каршы тартип коргоо органдары көргөн чарага тынчсызданышууда. «Эрк», «Жаңы Кыргызстан», «Коммунисттик» жана «Кайран эл» партияларынын Жалалабад облусундагы бөлүмдөрү ишемби күнү Жогорку Кеңеш алдында пикет өткөргөндөргө укук коргоо иштери тарабынан жасаган мамилени айыптап жатышат. Алардын пикири боюнча, коомчулуктун демократиялуу өлкөлөрдөй саясий укуктарга өз мамилеси менен эркин талап жана сунуштарын ачык-айкын билдирүүсүнө бийликтегилер тоскоолдук кылышууда. Президенттин указдары менен элчилик кызматты өтөп келген өлкө жарандарын Жогорку Кеңеш шайлоосуна катыштырбоо аракети Кыргызстандын демократиядан тайсалдаган белгиси. Ошондой эле көпчүлүктүн каалосун күч жана кысым көрсөтүү менен басуу, оппозициялык уюмдарды, саясий акцияларды жандантуусуна өбөлгө түзүшү ыктымал деген ойлорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG